Адамдын жашоосундагы эң негизги 8 сезим

 

 

 

 

Кароо

Эки көз менен тең. Эч кимди жана эч нерсени көз жаздым калтырбаш үчүн түлкүнүн куу көз карашы менен, үкүнүн янтарь көздөрү менен. Себеби баары кокустан жана бат болот. Жалгыз көз ирмем баарын алып кетиши мүмкүн. Кайтып келбейт. Же бүткүл дүйнөнү алаканыңа салып коюшу мүмкүн. Таңды тосуп, күндү узатып эч нерсени өткөрүп жибербегенге мүмкүнчүлүк берет. Ички дүйнөңдү, асманды, сүйүктүү көздөрүңдү караганга.

Угуу

Жүрөгүңдү угуу. Кээде суук аң сезимди. Терезенин сыртындагы үндөрдү, жашоону. Музыканы угуу. Бурганактын, чоочун кооз жана укмуштуу үндөрдү, мышыктын мыйоологонун угуу. Учу кыйры жок тынчтыкты. Угуу жана сезүү.

Дем алуу

Терең дем алуу. Болгон күч менен. Абада аңкыган ээрип жаткан кардын жыты менен ыракаттанып дем алуу. Кымбат жана сүйгөн адамың менен дем алуу.

Ишенүү

Тандооңо. Жылдызыңа. Кокустуктарга. Колдон баары кулап, бүт дүйнө каршы болуп жатса да өз күчүңө ишенүү, караңгылыкта сунулган мүмкүнчүлүккө ишенүү жана күтүү. Жашооңду өзгөртчү жолугушууга... Ачык жүрөк, баштагы туура ойлор менен баарын өзгөрткөнгө болооруна. Адилеттүүлүкө.

Сүйүү

Сүйгөндү билсең - баарын билесиң. Аны сүйүү. Өзүңдү сүйүү. Баардык дүйнө алдыңарда. Чыгармачылык, чеберчилик, музыка, жаратылыш үнү... Колдоочуңду. Досторуңду. Ата-энеңди. "Жакшы көрөм", "милдетүүмүн" деп бөлбөй жашоону сүйүү. Күтүүсүз кырдаалдарды жаңы бурулуштарды. Күнүмдүк майда чүйдө нерселерди.

Берүү

Ордуна эч нерсе талап кылбай... Алганыңдан көбүрөөк берүү. Кызыгууларыңды жана ачылыштарыңды, энергияңды берүү. Ишеничиңди берүү. Белек жана күлкү. Жаңылыктарыңды. Өбүү.

Сезүү

Эч кандай жарым жартылай эмес, толук. Эгер жарым жартылай болсо, ар кандай алмашуу менен. Тигил же бул формада сезүү. Өлбөс жаныңды. Бут астындагы жерди. Артыңдагы канатыңды.  Ооруну - себеби сенин тирүү экениңдин белгиси.                       

Түшүнүү

Өзүңдү жана өзүңдүн дүйнөңдү. Жалгыздык - эркиндиктин синоними эмес экенин. Агым сени сен ойлогон жерге алып барбасын. Бир нерсеге жетиш үчүн тагдыр деп отура бербей аракет кылуу керек экенин. Төрөлүү өлүмгө жакындоо экенин, өлүм бул аягы эмес - жаңы жашоонун башталышы экенин. Айлана чөйрөңдү түшүнүү, жашырылган сырды, ойду, маанини. Себеби бул кыйтымада өзөгү катылуу.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.