Адамдын организминин карышы бутунан башталаарын билесизби? Кантиш керек...

Адымдын карып кетүүсүн токтотуунун бирден бир жолу, бутка кылдаттык менен камсыз кылуу экендигин мурдатан эле байыркы кытайлар аныктап чыгышкан.

 

 

 

Сөзсүз түрдө байпаксыз, жылаңайлак басуу керек! Албетте, көчөгө чыгып жылаңайлак басканга мүмкүнчүлүк жок, ошондуктан үй ичинен басыңыз. Эгерде пол муздак болсо да жок дегенде 10 минутадан кем эмес, бут кийим чечип баскан жакшы. Сиз эгерде ушул нерсени күнүнө 3 маал ээринбей жасасаңыз, анда баракелде, карылык сизден алыс деп эсептеңиз.

Сөзсүз түрдө буттун учу менен толук басып, тамандын ички жана сырткы капталдары менен да басуу зарыл. Бул болсо булчуңдарды, бут сөөктөрүн чыңдап, андагы кан алмашууну калыпка салат. Буларды жасоо аябай деле татаал эмес, бизде жалкоолук гана тоскоол кылат.
 

 

Эринбестен бүгүнтөн баштап таман менен бутту ургулап, күнүнө адат катары сөзсүз кылып туруңуз.

Муну кылдаттык менен манжалар ортосун да абайлап кылуу керек. Бул үчүн резина или жыгач балканы же болбосо жыгач таякча сымал, бош бөтөлкө деле пайдаланса болот. Бир аза убакыт өткөндөн кийин, өзүңүз да кандай жагымдуу болуп, сиздин денеге жагып жаткандыгын байкайсыз. Бул жасаган көнүгүү бутка гана эмес, кан айланууга жакшы таасирин тийгизет.

 

Эгерде кимдир бирөөнүн көз көрүүсү начарыраак болсо, анда жыгач таякча менен буттун экинчи (сөөмөй) жана үчүнчү (ортон) манжаларынын баш жагын күнүгө 5 минутадан ургулап турса жакшы таасирин тийгизет, себеби ошол жакта көз көрүүгө байланышкан нерв жайгашкан. Кытай медицинасында да ушул тажрыйба пайдаланып келинет, юн-цюаиъ (жогоруда сүрөттө) чекитин сүргүлөп, акырындык менен массаж кылуу жардам берээрин далилдеп келишет. Эгерде ушуларды күнүгө адат катары пайдаланып келсеңиз, кан айланууга жана буттун булчуңдарынын эс алуусуна шарт түзүп бересиз. Бул чекит буттун манжаларынын башталышынын тушунда тамандын так ортосунда жайгашкан. Кургак гана кезинде, бул чекиттии таап, 20 жолу ошол чекитти басып, андан соң 2 бутту да дал ушундай кылып, күнүгө эртең менен анан кечинде кайталап туруу зарыл.

 

 

Ушул эле нерсени бутту суу кылып жасаса болот. Кичинекей чылапчынга 38 градус болгон суууну куюп, бутту салып бут кызарганча күтүп отуруп туруу керек, андан соң баш бармак менен юн-цюанъ чекитине 80 жолу кармап массаж кылыңыз.
Андан соң, колуңуз менен 3-5 минута таманды сүргүлөп койсоңуз андан да жакшы.
Эгерде сиз эртең менен төшөктөн туруп, баскан маалда буттар тырышып ооруп, алгачкы кадамдар адаттагыдан оор болсо, анда сиздин буттарыңызда  артоз бар. Анда сөзсүз түрдө ортопед же болбосо ревматологго кайрылып кеңеш алыңыз.

 

Мисалы, жогоркуда айтылган көнүгүүлөр сөзсүз түрдө жардамы тиет, андан сырткары да дарыгердин кеңешин угуп, артрозго каршы болгон сүйкөмө каражаттары менен сүрсө да болот. Андан сырткары да аптекада сатылган даяр медициналык маздар менен компресс кылса да болот.
Кездемени мазга нымдап туруп, бутту ороп, анын сыртынан нымдуулук үтөп кетпес үчүн жалтырак кагаз менен ороп, жылуу оромол менен ороп, же болбосо жылуу байпак кийип түнү менен жатуу керек. Эртең менен чечип, эки күндө бир жасап туруу зарыл.

Албетте, көп басуу керек, буттарды тынымсыз кыймыл кылып жалкоолук кылбоо керек. Кыймыл бул –жашоо. Буттарга дагы муздак жана ысык суу менен чайкоо да абдан пайдалуу. Бул болсо кандын айлануусуна жана адамга карылыктын кеч келүүсүнө себепкер болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.