Адамдын кубануу сезимин чакыруучу 5 азык

Курамында көптөгөн пайдалуу витаминдер менен микроэлементтерди камтыган кээ бир азыктар адамды өзүн бактылуу сезгенге жардам берет. Адистердин оюнда, алардын катарына бул азыктар кирет:
 

 

Кызыл балык

Ушул гана азыкта майга эричү А, D, жана Е витаминдери бар. Ошондой эле балыктын эти, стресстин алдын алуучу, омега-3 май кислотасына бай.
 

Банан

Бул тропикалык азыкта эйфория абалын тартуулаган харман алкалоиди бар. Ал эми С витамини чарчоону жеңилдеткенге жардам берет.
 

Данек

Стресс менен тынчсыздануудан сактаган, фолий кислотасы бар. Данектин курамындагы рибофлавин менен магний кубаныч гармонун иштеп чыгарат.
 

Сыр

Сырдагы тирамин, триптамин жана фенилэтилен аминокислоталары маанайды көтөрчү жакшы каражат. В группасындангы витаминдер табигый антидепрессант болуп саналат.
 

Тоок жумурткасы

Жумурткада, адамдын нервин чыңдачуу В группасындагы витаминдер бар. Ошондой эле бул азыкта, сексуалдык күч берчү цинк бар.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.