Адамдын калп айтып жатканын кантип билсе болот?

Азыркы күндө эч калп айтпаган адамды табуу өтө кыйынга турат. Баары калп айтышат. Чогуу иштешкен адамдарды бул жака койолу, жаныбызда жүргөн жакын адамдарыбыз дагы калп айтышат экен. Бирок адамдын сүйлөгөнүнөн, бетиндеги кыймыл аракеттеринен анын калп сүйлөп жатканын билүүгө болот.

 

 

Калп айтып жаткан адамдын ичинде ыңгайсыздык түзүлүп ал сырткы кыймыл аракеттерине чыгат. Жакшылап көңүл буруп аны билип алсак болот. Эң башкысы көздөр. Калп айтып жаткан адамдын көздөрү бир жерде болбой ойноп турат. Мындай учурда ага суроо бериңиз ал көзүн сол тарапка буруп бир аз ойлонуп калса анда ал калп айтып жаткан болот. Чындыкты жашыруу үчүн адам башка нерсени ойлоп табат да аны мээсинде иштетип сизге айтат. Ал сиздин көзүңүзгө карап калп сүйлөө ага кыйынга турат.

Эгер анын көзүнө тике карап туруп алсаңыз ал айланасындагы башка буюмдарга алаксымыш болуп сүйлөйт. Колу жөн турбайт, бир нерсени кармалап ары бери баса баштайт. Эриндерине да көңүл буруу керек, оозун кымтыйт, жайдан ойлонуп сүйлөйт. Мурдун тырмап баштаса да ал калп айтып жаткан болот.

 

Адамдын калпын чыгаруу үчүн ал сүйлөп жатканда анын окуясынын ичинен суроолорду бериңиз, окуяны кайра башынан айтып берүүсүн сураңыз. Ал отурган болсо жанына барып туруп алыңыз, адам ылдыйдан башын көтөрүп, өйдө карап калп айтуу кыйынга турат. Колун кайчылаштырат, бутун учкаштырып алат. Сөзүнүн арасына кереги жок башка нерселерди көп кошот, бир сөзүн улам кайталай берет.

 

Жогорудагылардын баарын эске алып адамдар менен сүйлөшүп жатканда пайдаланыңыз. Бара-бара калпты билүү оңой болуп калат. Жашоодо ар кандай болот, кээ бирлер жакын адамдарын жаман нерседен куткаруу үчүн да калп айтышат. Эч кимге ишенбеген адам өзү да калпты көп колдонгон болот. Эгер калпты аз айткан же такыр айтпаган адамды тапсаңыз анда сиз бактылуу адамсыз. Эсиңизде болсун сиз калпты көп айтып, адамдарды алдаган болсоңуз сизди да башкалар алдашат. Жашоо бумеранг.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.