Адамдын инсультка кабылганын бул 4 суроо аныктайт

Инсультту байкагандан кийин, аны ооруканага алып барууга үч, максимум беш саат убакыт бар. Бул убакта мээде боло турган өзгөрүүлөрдөн сактап калууга болот.

Аны кантип билсе болот? Анын симптомдорун байкоонунн 2 группасы бар: оорулуу өзү байкоочу симптомдор жана сыртынан гана көрүнүүчү симптомдор.

 

Инсульт жашарып кетти

Инсультка акыркы убакта 40 жашка чейинкилер да кабылып башташты. Бул суроо блогосфераны дагы ойлондурбай койгон жок. Таң калбай деле койсо болот: бирөөнүн чоң атасы инсульт кармаптыр дегенди уксан бир жөн, ал эми, 30га жаңы чыккан теңтушуңду уксаң, жүрөгүң болк дейт.

Интернетте көптөн бери бир пост популярдуу болуп таркап келет:

“Пикник убагында бир жаш кыз чалынып, жыгылып кетет. Тез жардам чакырганга макул болбой, болгону ташка чалынганын айтат. Бирок өзүн кичине жаман сезип, кубарып, сүйлөөсү оорлошконун баары эле байкашкан.

Биз ага жардам берип, түз жерге отургузуп, суу берип эс алдырганбыз. Күндүн калган бөлүгүн ал шаңдуу эле өткөргөн, болгону жылмайганы башкача болуп турган. Кечирээк анын күйөөсү баарына телефон чалып, тез жардам алып кеткенин кабарлаган. Бирок түнкү саат 11де көз жумду. Көрсө, пикникте ал инсультка кабылыпыр.

Эгер биз инсульт кандай экенин билгенибизде сактап калмак экенбиз”.

Инсультту кантип билсе болот?

Интернетте кеңеш катары таркаган, болгону 4 суроонун жардамы менен ооруну билсе болот.

1. Адамга жылмаюусун сураныңыз (анын оозунун эки чекеси бирдей болбой, жылмаюу кыйшык болуп калат)

2. Жөнөкөй сүйлөм айттырып көрүңүз, мисалы “Бүгүнкү аба ырайы жакшы” (сүйлөгөнү жайлап, сүйлөмдүн баарын эстей албай калат)

3. Эки колун бирдей көтөрүүсүн сураныңыз (такыр эле же бирдей көтөрө албайт)

4. Тилин сундуруңуз (эгер тили кыйшык көрүнсө – инсульттун белгиси)

Эгер адам бул тапшырманын бирин эле кыйналуу менен кылса, тез жардам чакырыңыз. Врачтар айтат, эгер 3 сааттын ичинде жетишип калсак, оорунун алдын ала алабыз, – деп.

Башка белгилери

Бул ооруну аныктай турган башка симптомдору дагы бар:

- Баштын катуу ооруусу, көбүнчө көздөр чагылып, көрүү начарлайт;

- Колу-буттардын сезбей калуусу, оң жак колу-бутун жана сол жак колу-бутун кыймылдата албай калат. Бул деген, эгер сол жагыңды кыймылдата албай калсаң, демек мээңдин оң тарабына доо кеткен, жана тескерисинче;

- Баш айлануу, эс учун жоготуу;

- Жүрөк айлануу (кээде кусат);

- Көздүн начарлашы;

- Бир калыпта баса албай калуу (көбүнчө мас адамга окшоп калат)

Эсиңерде болсун, тез жардамды канчалык эрте чакырсаңар, ошончолук жакшы. Инсульт мүнөт сайын өнүгөт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.