Адамдын денесиндеги эң кир жери: аны күнүнө 2 жолу душка түшкөндөр да коё берип салат!

Адамдын ден соолугу, туура ойлонуп өнүгүүсү аз да болсо гигиенадан дагы көз каранды экени күмөн эмес. Канча аракет кылсаңыз дагы, күнүнө канча жолу душка түшсөңүз дагы, сиздин денеңизде кир бойдон, 67 бактериянын үйү болуп турган жериңиз калат.

Бул макалада адамдын денесинин кайсы жери эң кир, эмне үчүн андай жана ага кантип кам көрүш керек экенин айтып беребиз.

 

 

Бат-баттан душка түшүп туруу менен адам денесине чогулган көптөгөн микробдор жана бактериялардан арылат, бирок денеде көп көңүл бурулбаган, оңой менен кол жетпеген, көбү унутуп калган бир бөлүк бар.

Ал бөлүк... киндик. Ооба, дал ошол киндик – көптөгөн бактериялардын үйү болгон жана денебиздин эң кир бөлүгү.

Күтпөсөңүз керек?

Киндик болушунун себеби, анын чуңкур болушунда, башкача айтканда, сыртка томпоюп чыгып турбай ичке кирип турат, ошондуктан кинтикке кийимдин түктөрү, дененин тери, теринин өлгөн клеткалары жана дагы самындын калдыктары толуп алат.

Ошондуктан микроорганизмдердин өнүгүшүнө эң мыкты шарт түзүлөт. Ден соолук менен кандайдыр бир көйгөй болбосун үчүн, ошондой эле инфекциялардан сактанып жүрүү үчүн киндикке кам көрүп, аны кирден туура тазалаш керек.

 
Киндикти кантип туура тазалаш керек?

Киндиктин ички бөлүгү:

Душка түшөөрдүн алдында кебез тампонду спиртке малып алып киндикти кирден кылдаттык менен тазалап чыгыш керек.

Таза кебез тампон алып бир аз душ үчүн гелге малып дагы бир жолу тазалап чыгуу зарыл. Анан суу менен гель кеткенче тазалап жууш керек.

Киндикти дагы бир жолу жакшылап жылуу суу менен жууган соң, сүлгү менен аарчып кургатуу зарыл.

 

Киндиктин сырткы бөлүгү:

Душ үчүн гелди нымдуу сүлгүгө бир аз куюп алыңыз. Анан сүлгү менен киндикти тазалаңыз, болгон соң жылуу сууга чайкаңыз. Кургак сүлгү менен курганыңыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.