Адамдын бетиндеги бырыштарды карап мүнөзүн окуйбуз. Жолдошуңуздун мүнөзүн билип алыңыз

Адам башынан өткөргөн сезимдер өзүнүн изин калтырат. Демек, мүнөздү да бырыштарды карап билсе болот.

Жакшылап караңыз, ошондо сиз адамды ачык китеп сыяктуу окуй аласыз.

Жолдошуңуздун же башка адамдын мүнөзүн билгиңиз келеби? Анын жүзүн жакшылап карап чыгыңыз.

 

1. Чекедеги узун сызыктар - текеберчиликти билдирет. Мындай адам эпке келүүнү жактырбайт, бирок аны кыйынчылыктар менен сындыруу оңой эмес.

2. Мурдун үстүндө каштардын ортосундагы бырыштар - адам, сыягы, уялчаак. Көп окуйт жана ойлонот, жакшы билимге ээ.

3. Чекедеги майда бырыштар – эки сүйлөгөндүк менен мүнөздөлөт. Алар көп мактанышат, түбөлүк достукка жана сүйүүгө ант беришет, бирок эгерде сен кыйын жагдайга туш болуп калсаң, жардамга сейрек келет.

4. Көздүн айланасындагы бырыштар - шайыр мүнөздү билдирет. Албетте, мындай адамдан тажабайсыз. Көздөрүнүн тегерегинде бырыштар бар адамдар, адатта, урушканды жактырышпайт жана бардыгын тынчтык жолу менен чечип жашаганга аракет кылышат.

 

5. Мурундун капталынан эринге чейинки бырыштар - эмоционалдуу жана сезимтал адамдар. Негизинен, бул адамдын тагдырына бир нече сыноо түшкөн же ал жөн көп капаланат. Көбүнчө мындай адамдар мамиледе жумшак болушат.

6. Ээктеги бырыш - мындай адамдар аз сүйлөшөт, алар сөзгө караганда кылганды жакшы көрүшөт. Алар адамдарга көп ишенишпейт, сабырдуу, бирок ишенимдүү жана туруктуу.

 

7. Эриндердин айланасындагы майда бырыштар - ачыктык жана ийкемдүүлүк. Мындай адамга өз сырларыңызды коркпой ишенсеңиз болот, башкага айтып салбайт жана жакшы кеңешин да берет.

8. Көп майда бырыштар - адамдын биринчи кезекте өзү жөнүндө ойлонууга көнүп калгандыгын билдирет. Мындай адамдан марттык же тынымсыз жардам күтпөңүз.

 

9. Бырыштар такыр жок – оор басырыктуулук жана эмоционалдык боштук. Мындай адамдар көбүнчө өзүмчүл болушат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.