Адамды кыжаалат кылып, нервин бузган азыктар

Бүгүнкү күндө адамдарда көйгөй болсо дагы, болбосо дагы кыжаалаттык, бейтынч абал арбын кездешүүдө.  Болбогон нерсеге каны кайнап сөгүнүп, уруш-талаш чыгаргандар андан көп.  

 

 

 

 

Акырындап олтуруп бул абал күчөп, адамдар бири бирине атырылып, кол салып жибериши да мүмкүн деп медиктер тынчсызданууда. Бул абалдан чыгуу жолун издеген америкалык адистер туура тамактануу менен  адамдын психикалык абалын оңдоого болот деген жыйынтыкка келишкен.

 

 

Адам кыжаалаттыктан кутулуу үчүн белок курамында көп азыктарды пайдалануусу керек, ал эми углеводду жана майларды чектөө зарыл.

Адистер шекер, кофеин жана алкоголь адамдын аң сезимине оор таасир берет, анын себеби адреналин, норадреналин жана кортизолдун көп бөлүнүп чыгуусунун күчөшү.   

Медиктердин айтуусуна караганда адамдын  организминде триптафон заты жетишээрлик деңгээлде болушу керек, себеби ал адамдын тынчын кетирип, уйкусуздукка алып келген серотониндин бөлүнүп чыгуусун күчөткөн аминокислотаны жөнгө салып турат.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.