Кийин өкүнүп калбаш үчүн бул 5 адаттан азыртадан арылып башта

Артка кылчайып, адамдар соцтармактарга жана сериалдарды көргөнгө канчалаган саат убакытын кетиргенине өкүнүшөт, ал эми максатына жеткенге тоскоол болгон зыяндуу адаттар – өмүр бою жашоого так калтырат.

 

 

 

1. Жардам сурагандан коркуу

Бардык нерсени жалгыз өзүң кыла билүү эң жакшы, бирок ашыкча өз алдынчалык кээде көйгөй болот. Ким өз текебердүүлүгүн жеңе албай, жакшы билген башка бирөөнөн жардам сурабаса, анда, толгон токой убактысы менен нервин коротуп, ишин кайра-кайра жасай берүү коркунучуна кабылат. Көп адамдар жардам берип, тажрыйба бөлүшкөнүнө сыймыктанышат. Эгер бекер жардам алгандан уялып атсаң, ага башка нерседен жардам берсе болот да.

 

2. Жаман мамилени сактап калуу

Бул достук дагы, сүйүү дагы мамилесине тиешелүүү. Бала кездеги жакшы көз ирмемдерди эстеп жүрүү үчүн гана мектеп достор менен байланышып жүрүү, же сүйүү жашабаган, күндө уруш-талаш болгон никени сактоо. Сактап калууга татыксыз мамилелерди үч белги менен билсек болот: чектешүү точкасындагы иллюзиялар, жалгыздыктан жана өзгөрүүдөн коркуу. Сен үчүн чоочун болуп бараткан адам менен мамилени сактаганга аракет кылуу – убакытты текке кетирүү.

3. Өз кемчиликтериңе көп көңүл буруу

Кемчиликтериңди биле жүрүшүң керек. Бирок ага өтө көп көңүл буруу, сенин өнүгүүңдү токтотуп коёт. Өзүңдү чукулап каза берсең, «жолу болбогон» атка конушуң алыс эмес. Ал эми жолу жокторго максатка жетип кереги эмне, алар жылуу төшөктөн чыгып эмне кыйратышат. Андан көрө кемчиликтериңди кыска жана узак убакыттык максат катары кабыл алгыла. Өзүңө төмөнкү үч суроону бер:

– Аны өзгөртсө болобу?
– Аны өзгөртүп кереги барбы?
– Аны кантип өзгөртүш керек?

Жооп бергенден кийин, план түзүп, аны ишке ашырууну башта.
 

 
4. Башкалардын оюна өтө көп кабатырлануу

Баарына эле жага бербешибизди билебиз, жагып деле кереги жок, бирок баары бир, биз жөнүндө башкалар кандай ойлойт деп кабатырланабыз. Өз көз карашыбызды башкаларга жаккыдай кылганга жана башкалар үчүн максимум комфорттуу болууга канчалаган күч кетет.

Өз сапаттарыбызды эң жакын адамдар үчүн гана, ошондо дагы, эгер бизге пайда алып келсе гана оңдоп түздөшүбүз керек. Ар ким үчүн эле кыла берген туура эмес. Биз аларга эмнеге жакпайбыз, себебин билбейбиз. Билким бизге ичи тардык кылып, өзүбүздүн ишенимди талкалагысы келгендер бардыр.

5. Көрө албастык

Көрө албастык – адамдагы эң жаман инсандык сапаттардын бири. Кереги жок оокаттардын артынан чуркап жүрүп, канчалаган убактыбызды коротобуз. Бирок аны пайдалуу нерселерге деле коротсок болмок. Ошол эле көрө албастык сезимине байланыштырып рекламалык материалдар да курулат. Аны биз сатып алабыз!

Көрө албастык сезимди четтен карап, анын эмнеден куралып жатканын изилдеш керек. Эмнесин колдонуш керек, эмнеси ашыкча, балким такыр эле кереги жоктур. Көрө албастык жакшы жардамчы болушу мүмкүн, эгер аны туура колдонуп, өз максатыңа жетүүчү курал катары пайдалансаң. Ал үчүн көрө албастык сезимге терең ойду кошуш керек.