Адамда жумасына канча секс болуш керек

Кинси Институтунун изилдөөлөрү, адамдын жашы менен секстин “нормалдык” санынын көп байланышы бар экенин далилдешти.

Кинси Институтунда эмне жыйынтыкка келишти:

 

Жыныстык катнаштын жумасына болгон саны жаш өткөн сайын азаят

Жумасына болгон жыныстык катнаштын саны, жаш өткөн сайын азайышы белгилүү болду. 18 жаштан 29 жашка чейинки адамдарда – жыныстык катнаш эң көп болот, орто эсеп менен жылына 112 жыныстык катнаш, же жумасына 2 жолу.

Баары сенин жашың менен эмес, өзүңдү кандай сезишиң менен байланыштуу

30 жаштан 39 жашка чейинкилер жыныстык катнашка азыраак барышат – жылына 86 жолу, бул жумасына 1,6 жолу дегендик. Ал эми 40 жаштан 49 жашка чейинки жубайлар – жылына 69 жолу гана кумарга батышат.

 

Бирок, изилдөөдө өзүнүн ньюанстары бар: эгер катышкандар өздөрүн жаш сезишсе, аларда, ошол жаш группасындагы башка адамдарга караганда секс көбүрөөк болгон. Ошондой эле, кимдин ден соолугу жакшы болсо жашоо образы активдүү болот жана толук сексуалдуу жашоо менен жашаары белгилүү болду.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.