Адам баштуу түрү суук жандык табылганы тууралуу чуулгандуу кабар тараган. Бардыгы кулак түрүп жооп күтүшүүдө

Полиция төгүндөөдө, бирок ага эч ким ишенбей келет.

Малайзиянын полициясы, канча күндөн бери интернетте жүргөн мышыкка окшош адам баштуу жандык тууралуу өз комментарийин берүүгө аргасыз болууда, дейт Daily Mail.

 

Интернетте бир нече күндөн бери, Малайзиянын Паханг штатында табылган тан каларлык жырткычтын сүрөттөрү менен видеосу талкууга түшүп жатат. Аны “Түрү сууктун баласы” деп да ат коюп алышты.

 
Кичинекей кубарган, алакандай болгон жандыктын адам сыяктуу башында суюк чачы бар экен.
Оозунан жырткыч азуулары аркайып чыгып турат, ал эми буттарында курч тырмактары көрүнөт.
 

Ушул убакка чейин бул табышмак тууралуу үн катпай келген атка минерлер, азыр аны төгүндөп, бул жандык – болгону мистификация деп чыгышты.

Сүрөт Малайзиянын Паханг штатында тартылган деп айтылып келген. Бирок штаттын полиция башчысы Датук Росли Абдул Рахман айтымынды, мындай түрү суук жандык тууралуу ушак сөздөр чындыкка дал келбейт.

“Текшерүү көрсөткөндөй, бул ачылыш Пахангда жасалган деп соцтармактарга тараганга чейин эле, анын сүрөттөрү интернетте пайда болгон. Коомчулук бул “ачылыш” тууралуу жаңылыкты таратканды токтотот деп үмүт кылам”

– дейт ал өз сөзүндө.

 

Башында, бул түрү суук жандык белгисиз бир лабороторияда кармалып турат деп интернетте сөз кылышкан. Бирок, бул сырдуу жандык – болгону интернетте сатылып жаткан силикондон жасалган оюнчук экени белгилүү болду.

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз