Адам баласы кантип жаралат

Эмбриондон төрөлгөнгө чейинки эволюцияны сүрөткө тартуу үчүн фотограф Леннарт Нильсон 10 жыл короткон.

1965-жылы адам эмбрионунун сүрөттөрүн LIFE журналынын 16 барагында басылып, Нильсон дүйнөгө таанылган. Көп өтпөй бул сүрөттөр Stern, Paris Match, The Sunday Times жана башка журналдарга басылып, Леннарт Нильсондун баркы абдан көтөрүлгөн.

Бала кезинен эле микроскоп менен фотоаппаратка кызыгып, адамдын денесин клеткалык деңгээлде дүйнөгө көргөзүштү кыялданып келген Нильсон, адам баласынын эмбрионун 1957-жылы эле тарта алган.

Так жана таза сүрөттөрдү алыш үчүн цистоскоп – табарсыкты ичинен изилдей турган аспап, колдонгон. Ага камера жана жарык кошуп матканын ичинде болгон өзгөрүүлөрдүн миңдеген сүрөттөрүн тарта алган.

Ошентип, Леннарт Нильсондун чебер колдору укмуш керемет жаратып, адамдын жаралуу сырын дүйнөгө көрсөттү.

Спермотозоид уруктук клеткага жылып баратат
Уруктук клетка
Жолугушуу
200 млн спермотозоиддин арасынан бирөө гана максатына жетет
Экиге бөлүнгөн спермотозоид. Башында бардык генетикалык информация жайгашкан
 
Бир жумадан кийин түйүлдүк матканын ичине түшөт
Дагы бир жумадан кийин түйүлдүк матканын бетине жабышат
 
22-күн. Ортодогу боз нерсе - болочоктогу баш мээси
Түйүлдүктүн жүрөгү 18-күндөн баштап согуп баштайт
28-күн
 
5-жума, узундугу 5 мм, түйүлдүктүн бети көрүнө баштайт
40 күндө түйүлдүк матка менен биригип, тон пайда болот
 
8 жума
10 жумада көздөрү ачылып, дагы бир нече күндөн кийин толук жетилет
10 жумада колу менен айланасын изилдеп баштайт
16 жума
Жука терисинен кан тамырлары көрүнүп турат
18 жумада түйүлдүк сырттагы үндөрдү уга баштайт
20 жума. Бою 20 см болуп, чачтары өсө баштайт
24 жума
6 ай
36 жума, Жакында бала жарыкка чыгат

1965-жылы Нильсондун «A Child is Born» аттуу китеби чыгып, заматта сатылган. Китеп дагы бир нече жолу чыккан. Азыркыга чейин бул китеп мындай типтеги китептердин арасынан эң популярдуу болуп эсептелет.

Медициналык сүрөттөрдүн пионери Леннарт Нильсон 2017-жылы 95 жашында көз жумду.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.