Ачкарын эмне жебеш керек

Адам ачкарын жеген кээ бир азыктар ден соолукка терс таасир берет. Биз, ачкарын жебей турчу азыктардын тизмегин түздүк. Таанышып алалы!

Эртең мененки тамак – тамактануунун эң маанилүүсү. Адамдын күнү бою болчу абалы ошондон көз каранды. Ачык айтыш керек, баары эле эртең менен тамактана бербейт, эгер тамактанса, анда сөзсүз эле туура тамак эмес.

 

Ачкарын эмне жебеш керек:
  • Цитрустар
    Сулуу жигит таңды апелсин ширеси менен баштайт – бул ийгиликтүү адамдын образын телеэкрандардан көрүп, көнүп калганбыз. Бирок, реалдуу жашоодо мындай кылуу такыр туура эмес. Цитрустар жана анын ширеси ачкарын адамга гастрит менен аллергия чакырат.
  • Банандар
    Банан – эчактан бери эле экзотикалык азык болбой калган, ал биздин жашоодо күнүмдүк рациондун бир бөлүгү болуп жетишти. Банан организмге жай сиңет. Эгер аны тамак алдында жесе, ичти көптүрөт жана ашказанды оорутат. Так ошондуктан банан жегенден кийин суу же шире ичпеш керек. Дарыгерлер бул жемишти тамактангандан кийин бир сааттан кийин гана жегенге болоорун айтышат.
 
  • Чийки жашылча-жемиштер
    Жашылча-жемиштердин курамына кирген кислоталар ашказандын былжыр челин дүүлүктүрөт. Ошондуктан, тамак сиңирүү менен көйгөйү бар адамдар ачкарын жебегени туура.
  • Йогурт
    Йогурт ачкарынга, цитрус сыяктуу, эч кандай деле зыян келтирбейт, бирок пайдасы деле жок. Таң эрте организм кошумча бактерияларга муктаж эмес. Йогурт менен тамактаныштын эң жакшы убагы, тамактангандан кийин эки саттан кийин же уйку алдында. Мындай учурда тамак сиңирүүгө салымын кошот.
 
  • Муздак суу
    Суу – жашоонун булагы жана тамактын жакшы сиңүүсү үчүн аны көп ичиш керек. Бирок бул ырастоо комната температурасындагы же бир аз жылуу сууга гана тиешелүү. Муздак суу тескерисинче тамак сиңирүүгө терс таасир тийгизет, ошондуктан тамак менен кошо муздак суу ичкенге болбойт. Таң эрте муздак суу ичүү пайдалуу эч нерсе алып келбейт, болгону тамак сиңирүүнү жайлатат.
  • Таттуу
    Карын астындагы без таң атпай жетишерлик инсулин бөлүп чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, ошондуктан анын таттуу менен “кыйноо” – өз ден соолугуң үчүн кылган кылмыш. Эгер дайым таң эрте ачкарын таттуу жесе, кандагы канттын санын көтөрүп жиберет. Болочокто, ден соолук менен көйгөйлөрдү алып келет, мисалы кант диабети.
 
  • Кофе
    Таң атпай аромат кофе – көп адамдын сүйүктүү суусундугу. Ар бирибиз, жок дегенде бир жолу ачкарын кофе ичсек керек, бирок ал гастриттин булагы болот. Бул суусундукту эртең мененки тамак алдында ичүү боорго күч келтирет.

Таң атпай туура тамактануу – бул 90% жакшы маанай жана саламат ден соолук. Ошондуктан, бул тизмекти сактап алыңыз.

Facebook барагыбызга жазылыңыз