Абьюз деген эмне: “Сабайт, демек сүйөт”?

 “Сабайт, демек сүйөт”, “өзү күнөөлүү”, “эмнеге кетип калбайт?” – бул фразалар менен үй бүлөлүк зомбулук тууралуу сөз болгондо кезигебиз. Эгер сөз кылып жаткан адамдар бүт аялдар болсо, кырдаал өзгөчө суук көрүнөт – бирок зомбулуктун курмандыгы баары бир эч кандай жардам ала албайт.

Ошентсе да, зомбулук физикалык эле сабагандык дегендик эмес. Кылдаттык менен кылынган кээ бир адамдардын кыймыл аракети менен ар ким эле кабылат (эркектер дагы зомбулук курмандыгы болуп калат).

 

Үй бүөлүк зомбулук деген эмне?

Зомбулук же “абьюз” – бул түгөйүнөн өзүн жогору сезүү максатында кылынган кыймыл аракет. Курмандыктын үстүнөн бийлик жана көзөмөл алуу үчүн көптөгөн тактика колдонулат. Ал эми абьюзчу өзүнүн кылган ишин туура жана керектүү деп санайт.

Үй бүлөлүк зомбулуктун ар кандай формалары бар: физикалык (ичинде сексуалдык) дагы, менталдык (сөз менен) дагы. Ал активдүү (физикалык жана сөз менен) жана пассивдүү (көңүл бурбоо жана качуу) болот. Абьюз физикалык зомбулук менен эле бүтүп калбайт. Менталдык зомбулук көбүнчө талкалагыч, алдамчы жана ырайымсыз болот.

Абьюзчу – бул күч, көзөмөл, укук жана негиздемени бардык баалуулуктан жогору койгон адам.

Кордогон адам башка адамдар сыяктуу эле ойлонот деген – катачылык. Өз бийлигин түптөгүсү келгендик өзгөчө менталитетте жашырынып жатат. Алар башка адамдарды биз сыяктуу эле карабайт жана мүнөздөмөсү “нормалдуу” адам дегенге туура келбейт (сыртынан жөнөкөй көрүнсө дагы).

Абьюзчунун мүнөзүнүн дагы бир түрү анын ыймансыздыгы. Ыйманы канчалык азайган сайын, зомбулук деңгээли ошончолук көтөрүлөт. Ыймансыз адам нормалдуу мамилеге катыша албайт. Ал башка адам сезген нерсени сезип же түшүнбөйт.

Абьюзчу өз ааламынын борборунда болот. Ал өз курмандыктарын, жеке менчиги катары кабыл алат. Анын көз карашы өзүнүн башкалардан жогорулугунда болгондуктан, өзүн актап жана башкаларды өз катачылыктарына күнөөлүү кылат. Анын баамында, ал болгону өзүн сактап калуу максатында, кылчу нерсени кылып жатат.

Адатта, аялдарга жек көрүү менен мамиле кылат. Өзүнүн мамилесин белгилөө үчүн артка тартчу жана кемсинтүүчү аныктамаларды колдонот.

 

Каарлануу – абьюздун тактикасынын көрсөткүчүнүн бири. Көбүнчө, себеби жок эле “байкатпай атака” кылат. Мисалы, жөн жерден эле кыйкырып, сөгүнүп жана оокаттарды ыргытып баштайт. Каарлануу, курмандыгы өз жанынан коркуп жашынганга аракет кылып баштаганга чейин, узакка созулушу мүмкүн. Ошентсе да абьюзчу өзүнөн толук чыкпайт. Мисалы оокаттарды ыргытып, талкалап жатканда, өзүнүкүнө тийбейт.

Үй бүлөдөгү зомбулук кандай болот?

Физикалык зомбулук. Абьюзчу өз курмандыгында адамды көрбөйт жана сабап жатып “сабак берип жатам” деп ойлойт. Зомбулук байкалбагандай болушу да мүмкүн (чымчып алуу, шилиге чаап жиберүү), байкалгандай да болушу мүмкүн (болгон күчү менен).

Эмоционалдык зомбулук. Ага, түгөйүнүн ойлору менен идеяларын барксыздандыруу, көңүл бурбоо, кемсинткен комментарийлер жана башкалар кирет. Юмору начар адамдар да кездешет дечи. Бирок, анын тамашасынан кийин ыйлагың келсе, ал эми ал болсо жыйынтыгына канааттанып турса, бул мамиле туурабы деп ойлонууга шарт түзөт.

Үй бүлөлүк зомбулукка туш болсоң эмне кылуу керек?

Мамлекеттик же мамлекеттик эмес кризис борборлоруна кайрылуу керек. Болгон айырма, мамлекеттик борборлордо үй бүлөнү сактап калуу максатында абьюзчу менен элдешүүгө болгон иш аракетин жумшайт. Мамлекеттик эмес борборлордо болсо комплекстик социалдык, психологиялык жана юридикалык жактан колдоо, консультация жана туура чечим кабыл алууга жардам берет.