ABC телеканалынын алып баруучусу түз эфирде экенин унутуп калды (видео)

Австралиянын ABC каналынын алып баруучусу Наташа Экселби, ойлонуп кетип, кызыктай абалга дуушар болду. Эмне болгонун түшүнгөн журналист, камерага оозун ачып туруп калды.

The Independent жазгандай, бул ролик соцтармактарда бат эле хит болуп кетти, ал эми алып баруучу, бул окуядан кийин экрандан чыкпай калды. Экселби жумуштан айдалды деп жергиликтүү ММКлар жазып чыкса, каналдын жетекчилиги аны төгүндөдү. Каналдын жаңылыктар кызматынын башчысы Гавен Морристин айтуусунда: “катачылыкты баары кетирет, себеби алып баруучулар - робот эмес, адамдар”

 «Биз өзүбүздүн эфирге кылдат мамиле кылабыз, бирок мындай катачылык үчүн эч ким жазаланбайт» деп кошумчалады Моррис

The Guardian басмасы, каналдын жетекчилиги алып баруучуну квалификациясын жогорулатуучу курстарга жибергенин, эфирге бир аз убакыттан кийин кайра чыгаарын жазды.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.