Абайлаңыз! Үйдө сактоого болбой турган 13 нерсе

Үй - адамдын денеси менен жанынын проекциясы. Үйдө болгон нерселер биздин келечегибиз, каалоолорубуз жана аң-сезимибиз менен байланыштуу.

Албетте, ар бир нерсе пайдалуу боло бербейт. Үйүңүздө бир аз инвентаризация жүргүзүп, үйдүн энергиясын соро турган нерселерден арылыңыз.

 

 

Үйдө кандай нерселерди сактаганга болбойт?

1. Жыртылган, жараксыз кийимдер жана бут кийимдер.

2. Жарылган жана сынган идиштер. Ашканадагы идиштер үй-бүлөнүн символу, идиш-аяктын кемчиликтери мамилелердеги көйгөйлөрдү чагылдырат.

3. Сынган үй буюмдары, сынган күзгүлөр. Үйүңүздүн ичин тазалап, таштанды калтырбаганга аракет кылыңыз. Караңгы күчтөр таштанды төгүлүүчү жайларды, кирлерди, жуулбаган денелерди жана кир жандарды жакшы көрүшөт.

4. Сизге жакпаган белектер бактысыздыкка алып келет, анткени алар жаман сезимдер менен берилет.

5. Көзгө ыңгайсыз нерсени чагылдырган сүрөттөр - психологиялык жактан терс таасирин тийгизет, жан дүйнө тынчтыгын бузат.

6. Жапайы жаныбарлардын бети тешик болгон сүрөттөр үйдө, мамилеледе нервдүүлүктү, агрессивдүүлүктү жана негативдүүлүктү жаратат. Алар талаш-тартыштарды жана жаңжалдарды козутушу мүмкүн.

7. Өткөн чакта негативдүү окуя менен байланышкан нерселер; ар кандай терс шарттарда сатылып алынган нерселер; кайгылуу нерсени эсиңизге салган нерселер.

8. Сыйкырдуу максаттарда колдонулган буюмдар. Айрым африкалык жана чыгыш атрибуттары (маскалар, статуэткалар, символдор) зыяндуу энергия булагы болушу мүмкүн.

9. Түшүнүксүз же шектүү энергиясы бар байыркы буюмдар.

 

10. Кесүүчү курч бурчтары бар эмерек.

11. Тирүү чырмоок өсүмдүктөр - үйдүн ээлерине ар кандай ооруларды тартуу касиети бар. Ошондой эле чырмооктор аялдардын жалгыздыгына алып келет деп айтышат.

12. Үйдөгү камыш ооруну, өлүмдү, жесир калууну билдирет.

13. Ийне жалбырактуу өсүмдүктөр же алардын бутактары ​​үйдө Жаңы жылдык майрамдарда гана ылайыктуу.