Абайлагын, спиннер! Эмнеге балаңа бул оюнчукту сатып бергенге шашпаш керек

Спиннер – бул тегеретип ойногон алакандай оюнчук. Биринчи жолу 2017-жылдын апрелинде АКШда спиннер-бум башталды. Ал кезде көптөгөн дүкөндөр бул оюнчукту сатып жетишпей калышкан. Мындай популярдуулуктун себеби, оюнчуктун стресске каршы касиети бар деген имиш сөздөр болгон.

 

 

Ошондой эле көп сайттарда, спиннер көңүл буруунун жетишсиздиги жана аутист балдарга жакшы жардам берип, бир нерсеге жакшы көңүл коюуга үйрөтөт деген талкуулар жайнап кеткен. Бирок бул ойлорго окумуштуулар көп макул эместиги белгилүү.

Кызыгы, АКШнын көп мектептеринде бул оюнчукка тыйуу салынган.

Бизде дагы спиннер популярдуу болуп турган чагы. Келгиле, көрөлү, эмнеге бул оюнчукту сатып алганга шашпаш керек экенин.

Спиннер көңүл коюуга үйрөткөнгө караганда, көбүрөөк алаксытат

Так ошону үчүн АКШнын мектептеринде тыюу салышкан. Окуучулар сабакта жанына алып, тегеретип ойношуп – убакытынын баарын ошого кетиришип, окууга мүмкүн болбой калган.

Мугалимдер, андан чыккан шылдыраган үн кыжырларына тийгенин айтышкан.

Спиннер тынчууга жана стрессти жок кылууга жардам бербейт

8 жашар, гиперактивдүүлук синдрому бар баланын энеси, The Daily Telegraph колонкасына, эмнеге бул оюнчукту жаш балдарга алып бербөөнү жазган. Анын айтканы боюнча, бул оюнчуктун кемчиликтеринин бири, анын көлөмү. “Кимдир бирөөлөр айтат, спиннер жаш баланын стрессин жок кылганга жардам берет деп, бирок ал оюнчук жаш баланын колуна батпайт, ошондуктан аны менен байкатпай ойноого мүмкүн эмес”.

Аялдын айтымында:

“Антистресс” оюнчук башкалардын көз алдында болбош керек. Ачык дизайн, айланып жатканда жалтырашы башкалардын көңүлүн бурат. Бул туура эмес”.

Ошондуктан, спиннерге кадимки оюнчукка кылган эле мамилени кылыш керек. Ал эч кандай антистресс миссиясын аткарбайт жана бардык психикалык ооруларда жардам берет деп айтканга болбойт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.