Абадагы зыяндуу заттар тамак, өпкө шишигин пайда кылат. Кайсы бөлмө өсүмдүктөрү аларды тазалай алат?

Жашообуздун көпчүлүк учуру үйдө, офисте өтөт. Ал эми бөлмөдөгү аба биздин ден соолукка кандай таасир тийгизет. NASA (космикалык изилдөө борбору)  абанын булганышына тынчсызданып, изилдөө иштерин жүргүзгөн, жыйынтыгында бөлмөдө өстүрүлгөн  гүлдөр  абаны тазалоого мүмкүнчүлүк түзөөрүн аныктаган.

 

 

Бөлмөдөгү абада кандай зыяндуу заттар бар?

Трихлорэтилен – принтер боёгунда, дубалга илинген сүрөттөрдө, олиф, лак, жалтырак жабышкактарда, желимде болот. Аз эле убакыттын ичинде адам таасир берип башты айлантып, жүрөктү айнытып, кускуңду келтирип, уйкуга тартат.

Формальдегид – кагаз пакеттерде, салфеткаларда, сүлгүдө, синтетикалык  тасмалдарда, фанерден жасалган панелдерде жана башка бөлмөдө колдонулган синтетикалык буюмдардан бөлүнүп чыгат. Адамды чүчкүртүп, тамакты, таңдайды  кычыштырат, бул жеңил түрү. Бул затка аллергиясы барларга оор таасир берип, тамак жана өпкө шишигин пайда кылат.

Бензин - пластик, резина, жабышкактар, боёк кошулмалары, жуучу заттарда бар, андан тышкары лак, желим, эмерек полировкасында, тамеки  түтүнүндө, автомобилде кездешет. Анын жыты көздү жабыркатып, адамды уйкучу кылып, башты айлантып жүрөктүн согушун тездетип, акылды айнытып эч-учун жоготконго чейин алып барат.

 

Ксилол -  басылмаларда гезит-журналдардан, китептерден  бөлүнүп чыгат, резина, булгаары капталган жана боёлгон буюмдардан, тамеки түтүнүнөн жана машинадан бөлүнүп чыгуучу зат. Ооз көңдөйүн сезгентип, тамакты ооруксунтуп, башты салмактантат.

Аммиак заты – терезе жуучу суюктуктарда, пол сырдаган лакта, аялдардын боёлгон чачынан, жер семирткичтерден  бөлүнүп чыгат. Көздү ачыштырып, жөтөлдү пайда кылып, тамакты оорутат.

 

Абаны тазалоочу бөлмөдө өстүрүлгөн гүлдөр

NASA изилдөөчүлөрү үйгө өстүрүлгөн гүлдөр бөлмөдөгү абадагы адам өмүрүнө зыяндуу ууларды сиңирип алуу касиетине ээ экендигин белгилеген. Мисалы ДСП ж.б. синтетикалык эмерек жабдууларына колдонулган буюмдардан бөлүнүп чыккан формальдегид, тамеки түтүнүнөн, желим, пол лагынан чыккан бензол затын өзүнө сиңирип алып, бөлмөдөгү абаны тазалоочу гүлдөрдүн тизмеси:

 
  1. Карлик пальмасы
  2. Папоротник гүл түркүмү: Бостон папоротниги, Падыша папоротник
  3. Хлорофитум
  4. Аглаонема
  5. Бамбук пальмасы
  6. Фикус
  7. Азгырык плющ
  8. Антуриум
  9. Лириопе
 
  1. Чоң жалбырактуу пальма
  2. Гербера
  3. Драцена
  4. Англия плющу
  5. Сансевиерия
  6. Кызыл жалбырактуу драцена
  7. Спатифиллум
  8. Хризантема

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.