«Аалам Периси» сынагынын финалистеринин укмуштуу улуттук костюмдары

30-январда Манилада, эң престиждүү сынактардын бири, “Аалам Периси” сынагы өткөн. Айткандай эле бардык катышуучулар сулуу дагы, сүйкүмдүү дагы болушту.

Сынактагы эң эсте каларлыгы – улуттук кийимдер конкурсу болду. Ар кайсы өлкөнүн дизайнерлери колунан келишинче өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ат салышты.

Бүгүн биз ошол конкурстагы 25 сулуунун улуттук костюмдагы образдарын алдыңарга тартуулайбыз.

1. Кэролин Картер, Виргин аралдары. Түстүү канаттар менен кооздолгон кийими менен Рио карнавалындагы жылдыздай жаркырады.
2. Бренда Азария Хименес, Пуэрто-Рико.
3. «Аалам Периси» сынагынын жеңүүчүсү – Ирис Миттенер, Франция.
4. Ребекка Кейтлин Рэт, Белиз. Мамлекеттин улуттук канаттуусу болгон – ара тоту кушунун образын жаратты.
5. Сынактагы эң унутулгус костюм. Венесуэлалык Мариам Хабач жюри алдына Йемайеи деңиз кудайынын образында чыкты. Анын көйнөгү жүздөгөн деңиз берметтеринен тигилген.
6. Украиналык катышуучу Алёна Сподынюк “Гүлдөгөн Украина” аттуу көйнөгү менен чыкты.
7. Уругвайлык Магдалена Коэндет адаттан тыш лобстердин костюмун көргөздү.
8. Иоганна Акс, Германия. Көрүүчүлөрдүн кол чабуусу алдында балдык көйнөк жана Нойшванштайн – орто кылымдык сепили болгон баш кийим менен чыкты.
9. Вьетнамдык Ле Ганг публикага, Вьетнамдын традициялуу токулган корзинасын элестеткен кийим менен чыкты.
10. “Боливия Перисинин” баш кийими, катышуучулардын арасынан эң чоңу болду.
11. Джейми-Ли Фолкнер, Улуу Британиянын өкүлү, шлем жана калкан менен чыгып, грек кудайы Афинаны элестетти.
12. “Эквадор Периси” колибринин образын жаратты.
13. Никарагуалык Марина Хакобинин кийими эң шаан-шөкөттүү болуп, тропикалык куштары элестетти.
14. Рошмита Харимурти, Индиянын өкүлү, индус пантеонунун нур чачкан кудайын эске салды.
15. Канадалык Сиера Берчелл кардын образын жаратты.
16. “Малайзия Периси” борбор шаары Куала Лумпурдун футуристикалык көрүнүшүн чыгалдырган костюм менен эл алдына чыкты. Көргөндөй, ийиндеринде белгилүү Петронас мунаралары турат.
17. Доминика Республикасынын сулуусу тропикалык канаттуулардын образын бириктирген костюм менен чыкты.
18. Эң бир түшүнүксүз көйнөк Швециялык Ида Овмардыкы болду. Ал сахнага картондон кесилген чоң атты колуна көтөрүп чыкты.
19. “Мьянма Периси” куурчактын образында чыкты. Акыры, көрүүчүлөргө марионеткалар шоусун көрсөттү.
20. Табышмактуу өлкө Кюрасаолук Шанелль де Лау.
21. “Индонезия Периси” алтын куштун образын тандаган.
22. Португалиялык Флавиа Бриту Victoria’s Secretтин шоусунун катышуусундай болду. Периштелер качантан бери Португалиянын символу болуп калганы кызыктырат.
23. Панаманын өкүлү канаттардан жасалган кызыктуу көйнөк менен чыкты.
24. Дешона Барбер бардык эле америкалыктар сыяктуу супербаатырдын образын алган. Тилекке каршы, анын канаттары шоу учурунда иштебей калды.
25. “Сьерра-Леоне Периси” Хава Камара улуттук бийлер менен көңүл эргиткен костюмда чыкты.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.