“Аа тааныйм жанагы жамбашында калы барбы” - деп досубуз жарды

Студент болуп жүргөндө бир классташыбызды үйлөндү деп угуп калдык. Жакындары менен эле үйүнө тойчук кылып үйлөнгөнүнө эки үч күн болуп калыптыр.

 

 

 

Классташтар чогулуп бардык. Аялын көрө алган жокпуз. Эшикте жалаң балдар сүйлөшүп отурганбыз, аңгыча үйлөнгөн классташыбыз келип калды, кайсы кызга үйлөнгөнү баарыбызга кызык болуп жатты. Кимди алып алдың эч кимге айтпай эле деп сурап калдык.

Айта баштады аты Динара баланча мектепте окуган тааныйт эле болушуңар керек деп. Аа жанагы сарысынан келгенби деп тааныгандар чыга баштады. Бир маалда Азат деген досубуз: -“Аа тааныйм жанагы жамбашында калы барбы”, - деп жибергенде эч ким унчукпай калды.

Үйлөнгөн балабыз унчукпастан ордунан туруп алып кетип калды. Эмне болуп кетти деп эле бири-бирибизди карап калдык. Көрсө тиги кыз менен Азаттын мурда байланышы болгон экен. Ошол бойдон бизди да эч ким сыйлаган жок, досубуз үйгө кирген бойдон чыкпай койду.

Биз кеттик, Азатты урушкан бойдон, ал ойлонбостон айтып алганын айтып актанат. Анан, көп өтпөй алар ажырашып кеткенин уктук...

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.