99% колдонучуулар билбеген Facebookтун 6 кызыктуу фишкасы

Facebook азыркы күндө өтө популярдуу болуп жаканына карабайстан, анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн көпчүлүк үстүртөдөн эле билет. Бирок баары эле, “ушул билгеним жетиштүү” деп ойлойт.

Эге бул 6 трюкту билип алсаң, Facebook менен колдонуу алда канча кызык экенин түшунөсүң.

 

1. Досторду телефон номери менен тап

Тааныш эмес номерден чалып жатабы? Бейтааныш адамдын номерин жазып алып, бирок ким экенин элестете албай жатасыңбы?

Телефондун акыркы 10 санын Facebookтун издөө сабына терип көр, жообун табышың мүмкүн. Бул мүмкүнчүлүк бардык колдонуучулар үчүн иштейт.

2. Чатты өчүрүү

Эгер чатта бирөө менен сүйлөшүу тажатса, бирок Facebookтан чыгып кеткиң келбесе, ал адам менен чатты өчүрүп салсаң болот. Оң жактагы, достордун тизмегинин астындагы тиштүү дөңгөлөктү басып, «Расширенные настройки» дегенди бас.

Өчүрүлгөн чаттагы билдирүүлөр «Входящие» папкасына сакталат. Бирок аларды кийин окуганда маектешиң окуганыңды көрөт.

3. Катылган билдирүүлөрдү оку

Бул пункт көпчүлүк үчүн күтүүсүз. Facebook дос эместерден келген билдирүүлөрдү катылган папкада сактайт, жана сага эч кандай эскертүү келбейт.

Негизги билдирүүлөрдүн жанындагы «Запрос на переписку» тайпасын танда, ал жерден катылган билдирүүлөрдү табасың.

4. Сенин досторуңдун тизмегин башкалар көрбөгөндөй кыл

Балким, сенин досторуң башка дагы досторуң бир экенин билишин каалабайсың. Болот андай.

Жеке баракчадагы «Друзья» тайпасындагы карандашты басып, достор тизмегин ким көрө алат, танда.

5. Видеонун автокөргөзүүсүн өчүр

Бул өзгөчө мобилдик интернет колдонуучулары үчүн маанилүү, себеби видео трафикти аябай жейт.

Видеонун автоматтык түрдө башталуусун өчүрсө болот. Ал үчүн, Настройки аккаунта > «Видео и фото» > «Автозапуск» тайпасынан керектүүсүн тандап алсаң болот

6. Үй бүлөлүк статусуңду байкатпай алмаштыр

Айталы, партнёруң менен мамилең бүттү, бирок бул жөнүндө досторуң билишин каалабайсың. Бирок үй бүлөлүк статусуң дагы «В отношениях» кылып калтыргың келбейт.

Негизи, статусуңду өзгөрткөндө, ал жөнүндө баары билип калат. Ошондуктан, «Информация» > «Семья и отношения» тайпасынан «Только я» пунктун танда.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.