9 жашар аялдар. Адамды шок кылчу мыйзам өтпөй калды

Иракта экинчи жолу, жаш кыздарга үйлөнүүнү легалдаштыруу мыйзамы каралды. Эгер мыйзам кабыл алынганда, жашы 9га жеткен кыздарга үйлөнгөнгө мүмкүн болмок.

 

 

Мыйзамдын инициаторлор группасы 40 депутаттан (бардыгы 328) турат. Шиит дин таануучулары 9 жаш курак никеге турууга толук жарайт, анткени пайгамбардын аялдарынын бири – Аиша турмушка чыкканда ошончо жашта болчу, дешет.

 

Сөз, албетте, токтоосуз жыныстык жашоону баштоо тууралуу болгон жок. Кээ бир учурларда келин эч кандай сексуалдык иш-чаралар жок, баралына жеткенче күйөөсүнүн карамагында “өсөт”. Бирок практика көрсөткөндөй, ал дээрлик товарга, күйөөсүнүн толук кол алдына өткөн кулуна айланат. Билим тууралуу унутат – күйөөсүнө маанилүүсү алар үйдү жана балдарын караганы. Ошондой эле, статистика көрсөткөндөй, мындай кыздар көбүнчө үй бүлөдөгү зомбулук курмандыгы болуп калышат.

 

Айтмакчы, бул мыйзамды 2014-жылы биринчи жолу “сүйрөп” чыгышканда, ал алда канча катаал болчу. Анда никеде сексуалдык зомбулук кылууга мүмкүндүк берилеген. Мындай караганда, мыйзамды кабыл алууга аракет кылуу – ондогон жылдар кайра артка аттоо!

Азырынча мыйзам кароодон алынып салынды. Аны эл аралык нормаларга туура келбейт дешүүдө, Ирактын жашоочулары деле инициативаны колдошкон жок.

Бирок, кичинекей кыздар менен никеге турууну колдогон депутаттардын саны жана мындай маселенин өзүн көтөрүп чыгуунун өзү эле коркунучтуу көрүнүш дешүүдө өлкө тургундары. Жүз жылдык прогресске карабай, кайра артка кетүүгө даяр коомдун кандайдыр бир бөлүгү бар болгону өкүндүрөт.

Кандай дейсиз, мындай мыйзамдар бизде да пайда болушу мүмкүн деп коркпойсузбу?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.