8 – мартка айымдарга эмнелерди белекке бергенге болбойт!

Аялдардын эл аралык майрамы жакындаган сайын ар бир эркек ойлоно баштайт сүйүктүүмө эмне берсем деп (албетте сүйүктүүсү бар болсо). Социологдор атайын изилдөө жүргүзүп аялдар эмнелерди майрамга алгылары келбейт экенин айтышты. Сиз дагы билип алып сүйгөн адамыңызга туура белек бериңиз.

 

 

Сурамжылоодо аялдардын көпчүлүгү жасалма зер буюмдарды такыр алгылары келбегенин айтышкан. Баалуу таштан жасалбаган, алтын, күмүш эмес, арзан мончок, шакек, сөйкө ж.б. Ошондуктан сүйүктүү адамыңызды кубанткыңыз келсе жок эле дегенде күмүштөн баштаңыз.

 

Андан кийин сувенир берүү туура эмес. Аны алып жаткан адам эч кубанбайт жана аны кайда койоорун билбейт. Жөн эле ашыкча, кереги жок буюм катары эсептешет. Ошондой эле үйгө керектүү буюмдар. Муздаткыч, кир жуугуч, телевизор сыяктуу буюмдарды ал күнү белек кылбай эле башка күнү деле алсак туура болот дешет экен айымдар.

 
Эгер ырым-жырымдарга ишенсек буларга көңүл буруу керек:

Бычак, вилка- ден-соолукка зыян тийгизет Кайчы-жашоодо жолду жабат Бет аарчы-жашоодо көп ыйлайсыз Саат-мамиле бузулуп, ажырашуу күтөт Бош капчык-кедейликке алып келет Кур-адамдын жашоосун байланып калат Күзгү-сулуулукту, жаштыкты бат жоготуп картайтат Кол кап-адамга баш ийдирп салат Мына ушундай нерселерди бул майрамда бербеш керек экен. Албетте бул болгону ырым-жырымдар ишенип ишенбөөнү өзүңүз чечесиз.

 
Анда эмне берген туура болот

Бардык айымдар кооз букет гүлдү сүйүнүү менен кабыл алышат. Концерт, ресторанга чакыруу. Телефондун акыркы үлгүсү. Же өз колуңуз менен жасалган оригиналдуу буюм.

Facebook барагыбызга жазылыңыз