72 саат эрежеси. Аны аркаласаң, сенин бардык кыялың орундалат!

Ар бир адамдын кыялы бар, же бир кичинекей, же өтө чоң. Кыял орундалуусу үчүн, аны туура ойлонуп, түзүп коюп тим болбостон, 20 мүнөт эрежесин* колдонуп, көп эмгек кылыш керек.

Төмөндө дагы бир маанилүү эреже бар. Эгер сенин кыялың орундалып, ишке ашуусун кааласаң, аны сөзсүз аткарышың керек.

 

 

72 саат эрежеси

Немец жазуучусу жана бизнес-тренер Бодо Шефер, 72 саат деп аталган эрежени баяндап берди. Анын мааниси мындай, эгер сенде кайдайдыр бир пландар же кыялдар пайда болсо, ошол убактан баштап 72 саат ичинде аны ишке ашырып башташың керек. Балким бул кичинекей кадам болот, бирок сенин оюң боюнча, ал сөзсүз кыялыңды ишке ашыруучу кадам болуш керек.

Психологдор да, мистиктер да, 72 саат эрежеси тууралуу өз көз караштары бар. Мистиктер айтат, эгер кыялыңды орундатуу үчүн аракет кылбасаң, Аалам сенин кыялыңды орундалбас катары артка жылдырып коёт да, аны ишке ашырууга жардам бербейт.

Психологдор айтат, сенин көмүскө туюмуң, ишке ашырууга болгон аракетиңе карап пландарың менен кыялдарыңды экиге бөлөт: ишке ашчу жана ишке ашпоочу. 72 саат же 3 сутка – бул убакта сенин кыялың менен планың жаш жана анын орундалышын иш-аракетиң менен тастыкташың керек.

Эгер сенде көзүң жеткен кыял пайда болсо, аны калтырбай, 72 саат ичинде аны ишке ашыруу максатында кичинекей кадамдарды жасап башта. Алар сени ийгиликке жеткирет.

Башкысы – каалоо, эмгек жана өжөрлүк!

*P.S. 20 мүнөт эрежеси тууралуу бул жерден окуңуз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.