60 жаштан өткөн адамдардан жаштарга 20 акылман кеңеш

60 жаш курактан өткөн адамдардын арасында өткөн: “Жаш муундарга кандай кеңеш берет элеңиз?” деген темадагы сурамжылоонун негизинде, көпчүлүк катышуучулардын негизги ойлору төмөнкүлөр болду:

Чындыгында, буларды дагы эстей жүрүш керек!

 

Адамдар айтышат: “Жакшы жумуш – бул күндө ыракат тартуулаган жумуш”. Бирок бул туура эмес. Жакшы жумуш – бул көбүнчө жумуш убагына чыдаган, аны менен кошо сенин бардык чыгымдарыңды жаба ала турган жумуш. Секунд сайын сүйүп турган жумуш эч кимде деле болбойт.

Убакыт зымырык учкан куштай. Эрте үйлөнбө. Толук жашоо менен жаша. Саякатта. Аракет кыл. Акчаң барбы, жокпу, маанилүү эмес. Сумкаңды чогултуп, каякка барганга алың жетсе ошол жакка бар. Бала-чакалуу боло электе, акчаңды кийим кечекке, оокатка жумшаба. Кандай гана оокат болбосун. Дүйнөнү көр. Картадан точканы танда. Алга!

Бардык нерсени олуттуу кабыл ала бербе. Кээ бир, шооласыз жана үмүтсүз көрүнгөн көз ирмемдерге кайгырбай, кантип мындай жерге туш болуп калганыңа күлүп кой.

Дос – бул сага жардамга келген адам, түнкү саат үчтө чалган күндө дагы. Калганынын баары – тааныштар.

Жашооңдогу эң маанилүү адам – сени менен өмүрүн бөлүшкөнгө макул болгон адам. Ушундай көз караш менен кара.

Балдарың кантип чоңоюп кеткенин байкабай каласың. Ошондуктан алар менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө аракет кыл.

Эч ким өлүп жатып, аз иштеп калдым деп кайгырган эмес. Эмгекчил бол, бирок жумушуңду үй-бөлөдөн, достордон, акыр аягы өзүңдөн жогору койбо.

Узун өмүр сүрөсүңбү, кыска өмүр сүрөсүңбү – эч ким билбейт. Кандай болгон күндө дагы жаштайыңан ден соолугуңду кара.

 

Эгер жашооңдон чарчасаң, болгону токтоп, учур чак тууралуу ойлон, эмне жакшы жана эмне чынында маанилүү. Терең дем алып, бошоңдон. Ошондо, бардыгы салыштырмалуу экенин түшүнөсүң.

Диабетик жана жүрөгү оорулуудай тамактанып жана машык, - ошондо гана жашың өткөндө андай болбойсуң.

Бизде болгону бир жашоо. Күндөрдүн биринде уйкудан ойлонуп, 60 жашта экениңди түшүнүп, жашоодо ойлогон кыялдарыңа жетпей калганыңа өкүнбөгөндөй бол.

Балким бул башкалар сыяктуу терең ойлуу кеңеш эмес, ошентсе да: тиштериңе дайым көз салып жүр, тиш көйгөйү – бул запкы.

Уккан кеңештин баарын эле аркалай бербе. Бирөөнөн кеңеш сурашың мүмкүн, анан аны кырдаал менен кошо таразалап, балким өзүңдүн туура чечимиңди кабыл аласың.

Оокат бул жөн эле оокат. Материалдык объектерге жабышпа, убакыт менен окуялардан артта калба.

Денеңдин бир жерине бүгүн залал келтирип алсаң, карыганда ал өзүн эскертет. Баарын айыктырдым деп ойлогон күндө дагы. Ишенип кой!

Ар бир көз ирмемди баркта. Жаш кезде баарына жана дароо ээ болгуң келет. Бирок эмнеге ар бир майда көз ирмемди барктабаш керек? Биз бул планетада түбөлүктүү эмеспиз, өзүбүзгө тартуулай алган эң чоң ыракат – бул ар бир көз ирмемден ыракат алуу. СМС жазгандан көрө чалып үнүн угуп сүйлөш. Энеңе барып кел, себепсиз эле, жөн эле.

Бардык эсептериңди төлө жана карыздан алыс бол.

Кызганычтык мамилени бузат. Жубайыңа ишен. Ага ишенбесең, анда кимге ишенесиң?

Эгер сенде ишке ашпоочу кыял болсо, жок дегенде аны ишке ашышына жакындаганга аракет кыл. Жаш өткөн сайын аны ишке ашырыш мүмкүн болбой калат.

Бирөөнү биринчи жолу жолуктурганда, ал адам тууралуу эч нерсе билбесиң эсиңде болсун. Сен анын улутун, жынысын, жашын, кийимин билесиң. Баарын унут. Башка эч нерсе билбейсиң.