5тен 2: арыктоонун революциялык методикасы

Тамактануунун мааниси: жуманын 7 күнүнүн 5 күнү каалагандай тамактанасың, калган 2 күнү өз рационуңду 500 килокалорияга түшүрөсүң.

 

 

Бул диетанын талашсыз артыкчылыгы – сүйүктүү азыктарыңан баш тартып кереги жок. Башкысы, жумасына 2 күн, калориянын санын азайтууну кармануу.

Негизги эреже: организмди тамак сиңирүү процессинен эс алдыруу үчүн бир күндө 1 же 2 жолу гана тамактануу (эртең менен жана кечинде) керек.

Эс алдыруу күнү көп суюктук ичүү өтө маанилүү, чөп чайды да унутпа, мунун баары, организмди кан катуудан сактайт жана токсиндерди чыгарууда чоң роль ойнойт. Окумуштуулар, бул популярдуу диетаны изилдешип, мындай тамактануу жүрөккө да пайдалуу деген чечимге келишти. Ошондой эле, “5:2” диетасы организмден зыяндуу майларды чыгарып, алмашуу процессин тездетет.

 

Бул революциялык диета тууралуу досторуң менен бөлүшкөнду унутпа!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.