40тан ашкан карт бойдоктор... Алардын бул сырын эч ким билбейт!

Жашы кырктын кырынан ашкан карт бойдок. Акчасы чөнтөгүндө, үй-жайлуу, иштеген иши бар, сырткы келбети да жаман эмес. Кыскасы кандай келинчек болбосун ылайыктуудай сезилет. Бирок, ал эмне үчүн жалгыз? Эмнеге?

 

 

Ал өзүнүн үй бүлө тууралуу оюн айтып бүтүп мурда сүйлөшүп жүргөн кызы тууралуу аңгемесин баштады. Айтымында ал абдан жаман адам экен. Акчасын чачып обу жок чалчаңдаптыр. Көңүлү калган го...кыскасы акчаны чачып эркектин чөнтөгүн карап жашагандарды жаман көрөөрүн айтты. Сөзгө сөз уланып олтуруп ал кыз чет өлкөгө барган акчасын төлө деп чыкканын айтты. Көрсө ал кыз бул карт бойдоктун чакыруусу менен чет өлкөгө бирге барыптыр. Экөө чогуу эки жума эс алышат.

Эс алуунун аягында эсеп-кысап баракчасы келгенде карт бойдогубуз кетирген ыгым-чыгымдын тең жарымын сен төлө деп чыгыптыр. Тиги кыз таң калып, “Эмнеге төлөмөк элем, мага билет сатып берип сен чакырбадың беле” дейт. Заманбап дизайн менен жасалгаланган шаардагы көрүнүктүү жерде батири бар, машина сатып иштеген карт бойдок ошентип кызды эс алууга чакыраарын чакырып алып, аягында кеткен чыгымдын жартысын төлө деп чыкканы мени дагы таң калтырды. Ал мага ушул окуялар тууралуу кечки тамак үстүндө айтып берди. Мени кечки тамакка өзү чакырганынан карабай тамактын акчасын төлөөргө келгенде ал менин ичкен тамагыма акча төлөгөн жок. Өзү ичкен тамакты он жолу эсептеп чыкты.

Сараңдык анын жалгыз жаман сапаты эмес экен. Кечки тамак учурунда анын жеткен кежир, чалик экенинин байкадым. Официант “Эмне ичесиздер” деп сураганда мен “Мага эки бокал француз виносун” дегем. Бул сөзүм тигиге жакпай калдыбы кашын жыйрып жактырган жок. Экинчи бокалды биздин олтурганыбызга төртүнчү саатка оогондо официант алып келгенде “Сен эмне көп ичесиңби” деп жактырбай сурады. Өзү болсо каалашынча виски ичип олтурду. Ал менин ичкенимди гана жактырбастан кылган ишимди, ат минип эс алаарымды да жактырбай “Эмнеге анчалык акча коротосуң” деп сурады.

Жаңы жолукканда ал мага кызыктуу, сымбаттуу адам катары көрүнгөн, кечки тамактан бүткөнчө мен эптеп чыдап, аны башка стул менен бир чаап качып кетким келди.

Акырында мындай ого келдим. Ушундай майда, жеткен сараң эркек сөрөйлөр менен жолугушканча (баш кошуп жашаганды мындай эле кой) мындайлар менен жолугушканга мыйзам түрүндө тыюу салыш керек аялдар алтындай убактысын бу акмактарга коротпоосу үчүн. Эркектер үчүн эң жаман эки адат бар - сараңдык жана майдалык.

Мен жолугушкан карт бойдокто ушул эки сапат бири-бирине айкалышыптыр. Жолдо келатып эмнеге кыркка чыкканча үйлөнбөгөнүн түшүндүм. 30ка чыкканча күйөөгө чыкпай кара далы болгон кыздарды “ эмнеге ушунча жыл бойдок жүрөт. Бир нерсеси бар го” деп кеп кылышат. Эркектерге мындай сөз жабышпайт. Бирок, урматтуу айымдар 40тын кырына келгенче үй-жай күтпөй карт бойдок болгондордун дагы бир нерсеси бар экенин билип алгыла. Жакшы эркек эч качан жалгыз жүрбөйт. Эгер сизге мурда үйлөнбөгөн карт бойдокту тааныштырышса кубанып кетпеңиз. Алыс качыңыз!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.