4 жыл кулчулукта: Алматыда кыз жүрүп бараткан машинадан секирип түшүп, сутенерлердон качты (видео)

Facebook соцтармагында ондогон адам жаш кызды тегеректеп жаткан видео тарап жатат. Видеонун авторунун айтымында, кыз аны кулчулукта кармап жүргөн сутенерлердон качкан, деп билдирет ИА "NewTimes.kz".

 

 

“Алдын ала маалыматка караганда, кыз “Саякат” вокзалынын жанынан өтүп баратып машинада секирип түшкөн. Бул маалда аны артынан келаткан машина сүзүп кеткен. Ага карабай, кыз шоктук абалда базарга чейин чуркап жетип, анын кароолчуларынан жардам сураган. Ал эми кыз секирип түшкөн машинадан чыккан адамдар кызды кароолчулардар тартып алып кайра алып кеткенче ашыгышкан. Алар өздөрүн кыздын эжеси жана байкесибиз деп тааныштырышты. Бирок кыз белгилер менен, алар менен кеткиси келбегенин билгизди. Коркконунан сүйлөө сезимин жоготуп койгондой”, - деп жазат басылма.

 

Кыздын айтымында, ал кулчулукта 4 жыл болгон.

 “Анын сөзүндө, ал жакта кыздар көп. Алардын сутенеру – кыргыз жана жогору жак менен байланышы бар деп айтышат, ошондуктан аны эч ким кармабайт жана эч нерсе кылбайт”, - деп түшүндүрдү видеону Facebookка чыгарган адам, Суйениш Мухамед Али

 

Инцидент 5-майда саат 17де болгон.