4 жашар бала айфондун жардамы менен апасын өлүмдөн куткарып калды

Улуу Британияда төрт жашар бала апасынын өмүрүн сактап кала алды, деп кабарлайт The Next Web басылмасы.

Эс учун билбей жаткан апасын көргөн уулу апасынын пайдаланып жүргөн iPhone телефонун таап, Home баскычын басып, андан кийин Siri тиркемесине кошулат.

Добуштук тиркеме баланы өзгөчө кырдаалдар кызматы менен байланыштырат. Бала аларга апасынын дем албай, козголбой жатканын айтат. Ал диспетчетдин суроолоруна ишенимдүү жооп берген. Баланын диспетчер менен болгон диалогу Youtube порталына да жарыяланды.

 

Кызматкерлер Роман аттуу баланын дарегин билгенден кийин, дароо полиция менен фельдшерлер тобу аталган дарекке барышат. Дарыгерлер аялдын өмүрүн сактап калып, аны тезинен ооруканага жеткирет. 

Эгер Siri тиркемеси аркылуу кабарлашпаганда, баланын апасынын абалын болжоонун өзү кыйын эле. Чынында бала андай шартта телефондун кандай баскычтарын басуу керектигин анык билген эмес.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.