30 жашта бул 6 нерседен арылуу керек

30 жаш – бул жаш ден соолукка кам көрүү убагы келди дегендик. Организмге толук кандуу эс алуу гана эмес (эгер 35 жашта кары көрүнүп калбайын десең), таза ой жана бардык нерседе тыкандык керек. Жашоом өтүп кетти деп айтканда шашпа. 30 жашта бардыгы жаңы башталат. Башкысы, жаш кезде топтогон жаман адаттардан арылып, жашооңду баштан аяк өзгөртүшүң керек.

 

 

 

1. Сегиз сааттан аз уктагандан

Сегиз саат тынч уйку – буга эмне жетсин? Сен бул сөздүн маанисин 30 жаштан өткөндө түшүнөсүң. Чынында, балаң таңкы 4:30да ойгонуп алып уйку бербеши мүмкүн, бирок достор менен түнкү экиге чейинки отуруш эмес.
 

2. Карылык жөнүндө ойлонуудан

Көбүнчө, адам 25 жаштан өтүп баштаганда, жашоо акырындап аягына чыгып баратат деп ойлонуп баштайт. Негизи эле адамдын жашы өткөн сайын бетке бырыш гана түшпөстөн, акылдуу дагы боло баштайт. Сен болсо өз күчүңө ишенип баштайсың жана жашоонун ар бир көз ирмемин сыйлап каласың.

3. Баарына “ооба” деп айткандан

“Жок” деп айтканды үйрөн. Ишенсең, сага көп жолу кереги тиет. Эсиңде болсун: сен маанилүү нерселерге гана көңүл коюшуң керек, майда-чүйдө нерсеге убакытыңды коротпо. Кичине катуураак жана ийилчээк болбогонго даяр бол.

4. Күнөөлүү болбосоң да кечирим сурагандан

Эгер сени күнөөлүү болгон сезим ээрчип жүрсө – батырак андан кутул. Ал жүк сымал сени ылдыйга тартат. Кечирим сураганды токтот – эгер сеники туура болсо.

5. Дайыны жок акча чачкандан

Белгилүү брендден кымбат кийим кийип, айлап көлгө жатып аласыңбы? Эгер бул жагдай сага тааныш болсо, анда баралга жеттим деп айтыш али эрте. 20 жашта акча көп коротуу – норма, ал эми 30 жашта – пайдасыз. Сенин банкта эсебиң болуш керек же, жок дегенде, ичи толтура үч литрлик банкаң болуш керек.

6. Таанынычтарды ичиңде сактагандан

Сен кичинекей бала эмессиң, мурдуңду чүйрүйтүп, тетири карап алып бир жума сүйлөшпөй жүрүп алгыдай. Чоң адамдын жашоосунда баары башкача. Олутту сөздөргө дайым даяр бол, убагында бардык нерсеге чекит кой.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.