3 жашар кыз популярдуу оюнчуктун айынан ооруканага түштү. Эми энеси башкаларга эскертет...

Бул тууралуу ар бир ата-эне билиш керек!

Энесинин косметикасын бетине сүйкөө кичинекей кызды дайым азгырат, деп жазат Newsner. Ал энесинин боёнгонун жана андан эч жаман нерсе болбогонун көрөт.

Бирок, мындай коркунучсуз эрмек жаман жыйынтыкка алып келиши мүмкүн.

Зыяны жок косметика кичинекей кыздын сырткы келбетин ушунчалык бузуп салат деп ким ойлоптур. Так ушундай окуя Лидия Кравенстин кызы менен болду. Ал, бул коркунучтуу нерсени ата-энелерге эскертип коюуну туура тапты.

Анын 3 жашар кызы белекке ушундай оюнчук макияж алган

Кыз косметиканы бетине сүйкөгөндө, көргөн көзгө ишенбес окуя болуп кетти. Окуяны Лидия мындай баяндады:

«Сегиз күн мурун Family Dollar дүкөнүнөн балдардын макияж оюнчугун сатып алганбыз... Анын, балдар үчүн коопсуз экенине ишенгенбиз... уулуу эмес... жөнөкөй эле балдардын оюнчугу.

Бул, эриндер менен көзгө сүйкөлчү косметика биздин жашоону азапка айлантаары оюбузга да келбептир... »

Бул продуктту сүйкөгөндөн кийин, кыз олуттуу аллергиялык реакцияга кабылган
Анын денесинде исиркектер пайда болуп, эриндери жарылып жана ыйлаакчалар чыгып кеткен.
Ымыркайды ооруканага жаткызып жана бир жума бою дарыгерлердин көзөмөлү астында калган
Башында тамакты өзү жей албай да калган

Лидиянын сөзүндө, көрсө, бул балдар косметикасынын курамында, териси сезимтал адамдарда аллергиялык реакция чакырган, белгилүү 6 химиялык курам бар экен.

Лидия, бул коопсуз деген балдар косметикасынын аркасында эмне катылып жатканын айтып, башка ата-энелерди эскертти:

«Сураныч, биздикиндей кырдаалга кабылып калбаш үчүн, балдарыңарга эмне алып берип атканыңарга көңүл бургула, өзгөчө балдар косметикасына…»

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.