25 кгдык анорексичка 2 жылда соцтармактардын сексуалдуу жылдызына айланды

Калифорниянын тургуну, 22 жаштагы Аннализ Мишлерден 2 жыл мурун анорекциянын оор формасы табылган. Ал убакта анын салмагы болгону 25 кг түзгөн. Азыр болсо, анын  «Инстаграм» баракчасында 50 миңден ашык жазылуучусу жана моделдик агентство менен контракты бар. Анын жашоосу, ал аракет кылган арыктык – эң башкы душманы экенин байкагандан кийин өзгөрө баштаган.

Арык-чырай болом деген Аннализ углеводсуз диетага отуруп, спорт менен тынымсыз машыккан. Акыр аягы ал тери астындагы майды 3%га чейин түшүрүп, салмагы критикалык 25 кгга жеткен.

«Бир күнү мен кадимкидей эле жоголуп баратканымды сездим – ошондон баштап баарын токтотуш керек деп чечтим»

- дейт Аннализа.

 

Ошондон баштап, Аннализа диетасы менен машыгуусун кайра карап чыгып, ошол эле убакта “Инстаграмда” фотоотчет кыла баштаган. Анын салмагынын өсүшү менен жазылуучуларынын саны да өсө баштаган.

“Кубик болуп пресстер чыгып турса, баары эле жакшы деп ойлойт. Менин кубиктерим чыгып турганда, өзүмдүн өлүмүмө калган күндөрдү санап баштагам. Азыр болсо өзүмдү жакшы сезип калдым”.

Жыйынтыгына чекит коюш үчүн көкүрөгүн пласикалык операция менен чоңойтуп алды.

“Менин сырткы келбетим жакшы жакка абдан өзгөргөнүнө карабай, негизги өзгөрүү менин денемде эмес, акылымда болду деп эсептейм. Мен ары жакка аз эле калгам, эми жашоону толук жашай баштадым”.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.