21 кылымдын этикет эрежелери, уят болбош үчүн биле жүрөлү

Этикет бул өткөн кылымдан калган жөн эле  формалдык эмес. Биздин жаныбызда башка адамдар өздөрүн ыңгайлуу сезиши үчүн ойлоп табылган нормалар.

 

anan.kg бүгүнкү күндүн заманбап, биз билбеген эрежелерин чогултуп сунуштайт.

Интернетте

- Курортто жатып алып сүрөттө аба ырайын белгилеп досторуңуздун, кесиптештериңиздин кыжырын кайнатпаңыз. Жөн эле жүктөгөн сүрөтүңүз кайсыл жерде тартылганын баяндасаңыз жетиштүү.

- Досуңуздун баракчасында же сүрөтүнүн алдына экөөңөргө гана тийиштүү теманы талкуулабагыла. Бул үчүн купуя кат бар.

- Досуңузду жаман түшкөн сүрөтүндө белгилебеңиз.

- Сүйлөшүп жатканда Caps lock колдонбоңуз, кыйкырганга барабар.

- Хештег өтө көп колдонбоңуз, чар жайыт көрсөтөт.

- Инстаграммга күнүнө үч сүрөт жүктөө жетиштүү. Саякатта жүрсөңүз 5-6 сүрөт болот

- Бирөөнү досуңузга кошкуңуз келсе ким экениңизди жана эмне үчүн кошуп жатканыңызды түшүндүрүңүз.

- Кээ бири жеген тамагынан бери социалдык тармактагы баракчаларына жүктөй берет. Үч гана учурда мүмкүн: тамакты өзүңүз жасасаңыз, рецепти менен кошо; тамак менен кызыктуу окуя байланыштуу болсо, окуя менен чогу жазып; же өзгөчө тамак болсо.

Жолугушууда

- Биринчи эркектер аялдар менен, кызматы жана жашы кичүүлөр улуулар менен учурашат.

- Таанышуу учурунда тааныштырылып жаткан биринчи колун сунат, аял-эркекке, улуу-кичүүгө. Ал эми жетекчи баардык учурда биринчи колун сунат, аялды тааныштырып жаткан учурда да.

- Статусуңуз кандай гана болбосун кирип келген киши биринчи учурашат.

- Тааныштырып жатканда бири бири жөнүндө кыскача маалымат бере кетүү эң туура.

- Кол алышаардан мурда эркек кол кабын чечиши керек.

- Таксиге отуруп жатып айдоочу менен биринчи учурашыңыз.

- Кирип келген адам кол сунса ордуңуздан туруп сунуңуз. Отурган абалда кол алышпайт.

- Жаныңыздагы жолдошуңуз сизге тааныш эмес адам менен учурашса сиз да учурашыңыз керек.

- Ажаатканага кирип же чыгып бара жатып кол алышып учурашпайт. Эгер колуңуз бош эмес же суу болсо да кол алышпай эле койгон туура.

- Стол үстүнөн кол алышпайт.

Конокто

- Коноко чакырып жатканда: дагы кимдер болот деп суроо салган туура эмес.

- Үйүңүзгө конок келсе телевизорду өчүрүп, компьютерден оолактаңыз.

- Конокто отуруп же конок тосуп жатып 5 мүнөттөн ашык телефон менен сүйлөшпөңүз.

- Эң биринчи коноко колду кайда жууганга болот көргөзүп, андан кийин башканы көргөзүп баштаңыз.

- Коноктун баары чогулса да үй ээси отурмайынча тамак жеп баштаган туура эмес.

- Коноктун баары чогулганча суу ичкиңиз келсе, сол колуңуз менен ичиңиз, алаканыңыз муздак жана суу болуп кал алышкандарга жагымсыз болот.

- Эгерде башкалардан эрте кеткенге камынсаңыз, үй ээси менен эле коштошуп кетүү жетиштүү, башкалардын отурушуна бүлүк салбай.

Ресторанда

- Таанышыңыз чоочун адам менен отурса жанына чакыруусуз барып отуруп алган туура эмес.

- Жаныңыздагы тамактанып бүтө электе эсеп сураган туура эмес.

- Салфетка менен мурун аарчыган туура эмес.

- Соус өзүнчө идиште берилсе, өзүңүзгө кичине салып алыңыз, ортодогу соуска малып отурганыңыз туура эмес.

- Жалпы идиштеги тамакты чукубай, өзүңүздө жакын жагынан жеңиз.

- Суусундукту биринчи жаныңыздагыларга андан кийин өзүңүзгө куюңуз.

Телефондо

- Маанилүү жаңылыкты СМС менен жиберүү туура эмес.

- Театрда, библиотекада, кинодо жана лекцияда телефонуңуздун үнүн өчүрүп коюңуз.

- Бешинчи чакыруудан кийин жооп бербесе, өчүрүңүз.

- Бирөөлөр менен турганда телефон менен сүйлөшүүгө туура келсе эч кимге жолтоо болбош үчүн эки-үч метр алыстыка барып сүйлөшүңүз.

- Сүйлөшүп жатып үзүлүп кетсе чалган адам кайра чалыш керек.

- Тааныш эмес номерден чалып жатсаңыз ким экениңизди толук тааныштырыңыз. "Ташмат? Кайсыл Ташмат?"- дедиртпей.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.