2019-жылы сизге ийгилик алып келе турган буюмдар

Декабрь айы башталган тарта биз жаңы жылга кам көрө баштайбыз. Жаңы жылда жакындарыбызга белек тартуулап кубандыргыбыз келет. Эгер  эмне белек берээриңизди билбей жатсаңыз анда жылдызына жараша  төмөндөгүдөй белектерди тартууласаңыз жакыныңызга жагымдуу гана болбостон жакшылык жана ийгиликти дагы алып келет экен.

Токтуларга 2019-жылы алтын жасалгалар жакшы тумар болот. Алтын токтулардын энергиясын толуктап ийгиликке жетелейт.

Букачарлар жаңы жыл тоскон түнү сары түстөгү кийимдерди кийгени дурус. Жаңы жылдык белек катары аларга сары түстүү моюн орогуч, баш кийим, колгап же сумка белек бериңиз. Сары түс букачарларга    сүйүүнү жана материалдык жетишкендикти тартуулайт.

Эгиздер 2019-жылы позитивдүү энергияда жүрүү үчүн жуп буюмдарды колдонушу керек. Мисалы, эки билерик, окшош шакектерди. Эгиздер айым үчүн эң жакшы белек  сары таштуу сөйкө болот.

Бөйөндөр жаңы жылда  жакшы ийгилик жаратам деп үмүттөнсө кызыл, сары жана алтын түстөнгөн кийимдерди кийиши кажет.

Арстандарга жаңы жылда алтын жасалгаларды же алтын сымал жиптер менен токулган кийимдерди белекке берүү керек. Алтын түс  жыл бою аларга ийгилик жана жакшылык алып келет.

Бийкечтер табитине жараша кийинип жаңы жылда майрамдай беришсин. Алар үчүн эң пайдалуу белек янтарь ташы чөгөрүлгөн шакек, сөйкө же  мончок.

 

Таразалар жаңы жылды назик, табигый түстөгү ачык күрөң, саргыч, кызгылтым, ак, сүттүн өңүндөй жылуу, жеңил кийимдерди кийип тосушканы оң. Анткени мындай түстөр 2019-жылы алардын маселелери жеңил-желпи чечилип кетишине өбөлгө болот.

Чаяндар болсо жаңы жылды жаңы  дем-күч менен менен тосуп алышы үчүн кыпкызыл, кочкул кызыл кийимдерди кийип  тосуулары зарыл.  Чаян айымдар оозун чоктой кызыл помада менен боёп , тырмактарын кызыл лактар менен кооздоп алышса да болот. Чаяндарга белек берем дегендер дагы кызыл түстөргө көңүл буруңуздар.

Жаачылардын 2019-жылдагы негизги түсү кара жана күрөң, андыктан күрөң түстөгү топу,  жылуу моюн орогуч аларга абдан ылайыктуу белек болчудай. Анткени ачык күрөң түс бул оттун түсү жаачыларга жаңы жылда жалындаган оттун энергиясын тартып турат.

Текечерлерге жаңы жылдык жакшы белек бул  кызыл же саргыч түстүү байпак. Мындай жылуу байпакты кийип жаңы жыл тоскон текечер жыл бою материалдык каражаттан кыйналбайт.

Суу куйдуга  2019-жылдын символу Сары доңуздун элеси салынган  идиштерди белекке берсеңиз абдан кубанат.

Балыктарга сюрприз даярдаган жакын адамдары ачык күрөң же кофе түстүү буюмдарды же кийим-кечектерди тандашы абзел. Балыктарга эң ылайыктуу жаңы жылдык белек жылуу кийим.