2018-жылдын жаңы модасынан чачтарың тик турат. Бардык жердеги чачтарың!

Аял болуш оңой эмес: жан талашып ар кандай эпиляцияларга чыдайсың, анан Нью-Йорк мода жумалыгын көрсөң, жүндүү чурай кайра модада экенине ынанасың, деп жазат Unilad.

Бул фэшн-шоунун көрүүчүлөрү, Kaimin подиумундагы, моделдер көрсөткөн жыш “өсүмдүктөрдү” көрүп таң калса керек.

 

Бирок, чочубагыла: бул 2018-жылдын тренди, «тиги жер» үчүн атайын парик экен.

Чынында, бул жаңылык эмес, бул парикти “меркин” деп аташат жана аны биринчи жолу XVII кылымда өз денесин саткан аялдар кийген экен.

Эми болсо дизайнер Каймин ошону коомго мода кылып жарыялап атат.

Соцтармактардын колдонуучуулары “гениалдуу” ойду баалашкан жок:

«NYFW вагиналдык париктин эмнесин көрсөтүп жатат?»

«Демек, эми баары бүтүп, вагиналдык париктер калыптыр да? Жерди токтоткулачы, түшүп калайын».

«Бул идея кимдин башына келди болду экен. Эми аны эстеген сайын күлүп турам».

Эми кандай болгонун өз көзүңүз менен көрүңүз: