2018-жылдын ийгиликтүү болушуна багыт берген 5 кадам

Бактылуу болгубуз келет. Бакытты издеп эки көзүбүз төрт болот. Анда мындай, бактылуу болгуң келсе эринбей, эң жөнөкөй нерселерди жаса да жашоодон рахат ал.

 

 

Күнүгө төшөгүңдү жый!

Көпчүлүк учурда убактымды ушуга коротомбу деп жаткан төшөгүбүздөн туруп эле кете беребиз. Анан калса биздин төшөгүбүздү өзүбүздөн башка ким көрмөк эле дейбиз.

Бул чындык дечи, бирок, кечинде жумуштан чарчап үйгө кайтканда, зыңкыйып жыйналып турган төшөгүбүздү көрүп кадыресе эс алабыз. Эртең мененкисин болгону сиз 3-7 мүнөт убактыңызды жумшап, төшөгүңүздү ирээтке келтирип, жыйнап коюңуз. Жаткан төшөгүңүздү жыйнасаңыз кадимкидей жан дүйнөңүз, жашооңуз ирээтке келе түшөт. Шейшептерди жумасына бир ирээт которуп, жууп туруңуз. Жыйынтыгы кандай болоорун жакында байкайсыз.

Сууну көп ичүү керек

Адамга суткасына 3 литр суу ичүү сунушталат. Суу менен кошо адамдагы жаман көңүмүш адаттар, өнөкөт ооруулар “агып” кетет. Сууну көп ичкен адамдын организми сааттай чыкылдап иштей баштайт. Сууну көп ичүү чачты бекемдейт, терини тазалайт, ичегилердин иштешин жөнгө салат, табарсыктын иштешин жакшыртат, адамга күч-кубат берет.

Кызыктуу иштерге аралашыңыз!

Адамдын жаш курагына карабай организм адреналинди талап кылган учурлар болот. Мындай кезде жумасына бир жолу мурда болбогон жаңы жерлерге барыңыз. Убактыңызды эгерим жасап көрбөгөн жумуштарга коротуңуз. Кыскасы, маанайыңыз жок болсо да жаңы бир нерсе жасоого аракеттениңиз. Мына ушундай абалда сиз өзүңүздү эркин сезесиз, адреналин толкуну денеңизди каптап, бактылуу көз ирмемдер турмушуңузду кызыктуу кылып коет.

Даарат алыңыз

Мусулмандарды бакытка бөлөгөн учур – бул даарат алуу. Бети-колду, моюнду, өзгөчө бутту бат-бат жылуу суу менен жууп туруу адатын күнүмдүк көнүмүш эрежеге айлантсаңыз жүзүңүз нурдуу, келбетиңиз сулуу болуп, ажарыңыз ачылат. Өзүңүздү сергек сезип, көңүлүңүз куунак болот.

Керилип-чоюлуңуз

Күнүгө 10 мүнөт  керилип-чоюлуп,  көнүгүүлөрдү жасап  дене булчуңдарын чыңдоо эң зарыл. Денени керип-чоюп, көнүгүүдөн соң медитация жасап, терең дем алып, акыл-эсиңизди жана денеңизди  жаңы күнгө даярдаңы. Омурткаларды, колу-бутту ийип, денени  ойготуу менен адам ички күч-кубатын, акыл-эсин чыңдап алат.

Күч-кубаты ашып ташкан, ажары ачылган, энергиялуу адам гана көп ийгиликке жетет жана  сөзсүз бактылуу болот!

Досторуңуз менен бөлушкөндү унутпаңыз!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.