20 мүнөт алтын эрежеси сенин бардык максаттарыңдын ишке ашышына түрткү болот

Көп убакта алдыга койгон максат кол жеткис болуп көрүнөт, бирок аны ишке ашырууга мүмкүн. Максатка жетүү үчүн күнүгө кылчу майда этаптардан турган атайын стратегия бар. Анын аталышы – майда кадамдар искусствосу. Бул теорияга, азыр биз кеп салчу, 20 мүнөт эрежеси да кирет.

 

 

 

Бул эреженин мааниси, максатка жетиш үчүн баарын таштап, аны эле аркалап калыш эмес, болгону, ал үчүн күнүнө 20 мүнөт бөлүүдөн баштоо. Кылгың келбей жатса да, бул убакыт аралыгына чыдашың керек. Бул эреже – жалкоолукту жеңиштин эң мыкты ыкмасы жана мотивациянын эң жакшы көтөргүчү!

20 мүнөт эрежеси

1. Күнүнө 20 мүнөттү спортко бөл, ошондо сен ден-соолугуңа көп кабатыр болбойсуң.

2. Күнүнө 20 мүнөттү өзүңдүн үйүңдү жыйнаганга бөл, ошондо башаламандыкты унутасың.

3. Күнүнө 20 мүнөттү оюңду топтогонго бөл, ошондо чыгармачылык кризиске кабылбайсың.

4. Күйөөңдү же аялыңды укканга күнүнө 20 мүнөт тап, ошондо мамилең тууралуу кабатырланбайсың.

5. Күнүнө 20 мүнөттү өзүңдү укканга жана күндөлүк жүргүзгөнгө бөл, ошондо идеянын жетишсиздигинен кутуласың.

6. Күнүнө 20 мүнөттү киреше булагын түзүүгө корот, ошондо өзүңдүн финансылык бейпилдигиң тууралуу кайгырбайсың.

7. Күнүнө 20 мүнөттү эс алууга тап, ошондо чарчагандыкты унутасың.

8. Күнүнө 20 мүнөттү пайдалуу китеп окуганга корот, ошондо сөзсүз эксперт болосуң.

Эгер, сен дайым кийинкиге калтырып көнгөн болсоң, анда бул эреже жалкоолуктан кутулууга жардам берет. Күнүнө 20 мүнөттү жактырбаган ишиңе да бөлүү менен сен ар бир баштооңдо ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүңдү жогорулатасың. Башташ гана керек, ошондо сени чоң жаратуулар күтүп турат.

Эсиңдеби, 72 саат эрежеси тууралуу мурда кеп кылганбыз. Кое берген болсоң, бул жерден окуп алсаң болот.

Ийгиликке жетүү үчүн досторуң менен бөлүшкөндү унутпа!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.