2 периштенин сүйлөшүүсү. Жашоодо чындап эле ушундай болот окшойт

Улуу периште кичүүсүнөн каардуу түр менен сурак алып жатат.

 

 

— Айта бер. Кыскача. Убактым аз!
— Тирүү, саламатта, адаттагыдай. Жумушка барып-келет. Бир нерседен үмүттөнөт.

— Эмнеден?
— Айтыш кыйын. Эки жолу бактылуу түш көрсөттүм – түшүнгөн жок. Жумуштан чарчадым деп көп айтат.

— Жумушунда эмне экен?
— Эл катары эле. Башкармасы. Ычы-чуу. Тамеки. Ушактар.

— Башкармасы каардуубу?
— Башкарма башкармадай эле. Башкаларда кандай болсо ошондой. Эмнегедир андан коркот...

— Коркунучтарын кубаладыңбы?
— Албетте. Офистен чыгып үйүнө баратканда. Канаттарым менен каккыладым. Булуттарды да кубаладым. Күндү байкасын деп канат менен кулакка да чаптым.

— Сулуу айымды жолдон жолуктурдуңбу? Бийик такачан. Жагымдуу атыр жыттанган?
— Сурабаңыз... маршруткадан мурдулары менен сүзүштүрдүм.

 

— Анан?
— Анан ошо. “Кечирип коюңуз”, – болгон сөзү.

— Жумуштан кийинчи?
— Дүкөндөр. Телевизор. Идиш жуумай. Интернет. Уйку.

— Телевизорун сындырып көрдүңбү?
— Албетте. Эмнегедир жаңысын сатып алды.

 

— Интернетин өчүрүп көрдүңбү?
— Беш күн катары менен. Жумушта отуруп алмай адат таап алды. Түнгө чейин. Аларда мындай мүмкүнчүлүк бар.

— Дем алыш күндөрүчү?
— Түшкө чейин уйку. Үйдү жыйнамай. Кечинде – достору, мааниси жок сөздөр, арак-шарап. Үйгө түн катып. Эртең менен башы ооруп төшөктө. Же телевизор. Же компьютер.

— Жактырган кызычы?
— Аябай жакын жашайт. Үч үйдөн кийин эле. Бир эле дүкөнгө соода кылганы барышат.

 

— Кезектен жолугуштурдуңбу?
— Баары инструкциядагыдай. Андан да көп – аялдамада, майрамдарда.

— Тагдыр сызыгын алаканынан текшердиңби?
— Ооба. Шайкештик бар. Бирок. Кептин баары... Бул шаар өзү ошондой экен... Алым келбей калды! Иштен ашпас тапшырма!

 

— Токтот сөздөрдү! Сенин күчтүү таасир берчү каражаттарыңдын тизмеги кана?
— Мына шеф. Грипп температурасы менен. Сөөктөрдүн чыгып кетиши сыныгы менен. Авто кырсык. Банкроттук. Өрт. Көчөдөгү коогалаң. Финансылык кризис. Граждандык согуш...

— Жетишет. Тагдырды оңдоо үчүн эмнеге гана барбайсың. Болгону бирин гана танда жана масштабы азыраагын. Аткар!
— Түшүнүктүү! Аткарууну баштадым!

Мораль: Кудай берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү байкап жана колдонолу, ошондо гана биздин колдоочубузга, соңку чараларга барбаганга шарт түзүлөт.

 

Жактыбы? Досторуң менен бөлүш!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.