2 эле күн жуунбай койсоң, сенин денеңде бул 5 өзгөрүү болот

Баарыбызда эле болуп калат: 2 күн душка түшпөй калсаң, өзүңдү кир сезесиң. Күзгүнү карап, майлуу чачтарыңды сылап, колтук-башыңды жыттагылап баштайсың. Ошентип, “Эки күндөн ашык душка түшпөй койсоң эмне болот” – деп суроо жаралат.

Анда жообу алдыда!

 

1. Микробдор менен бактериялар үчүн эң жакшы шарт

Канчалык көп күн жуунбасаң – микробдор менен бактериялар сенин териңде көбөйөт жана кычыштырып, көйгөй жаратат.

2. Ар кандай инфекциялар

Микробдор тери менен көйгөй жаратат, акыры тери инфекцияларына айланып кетет. Бул инфекциялар, өзгөчө бетте тырыктарды калтырышы мүмкүн.

3. Дерматит

Элестет, тердеп чуркап келип, анан майлуу денең менен жуунбай койдуң. 2 күн жуунбасаң, сенин денеңде ушунчалык көп кир менен тер чогулуп, тери сезгенүүсү пайда болушуна шарт түзөт.

 
4. Жагымсыз жыт

Баары эле – эркектер да, аялдар да – колтугун жыттап турушат эмеспи, кичине бирдемке сезиле калса душка жөнөп. 2 күндө – бул жыт өтө эле жагымсыз болуп кетет.

5. Теридеги реакциялар

Сенин териң кирге өзгөчө мамиле кылат – быдырланып, исиркек (сыпь) болуп жана безетки чыгат. Териде жагымсыз сезгенүүлөр болуп, сыкканга жараган сасык безеткилер пайда болот.

 

Анан, сөзсүз эле күнүнө 3 жолу душка түшүп дагы кереги жок – анын дагы пайдасынан зыяны көп. Бирок күндө жуунуп туруу, өзгөчө, эгер спорт менен машыксаң, териге чогулган тер менен майларды кетирип турат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.