18+ Күйөөм экөөбүздүн кошулганыбызды кошунам аңдып жүрүптүр

Биздин жашообузда болгон бир окуяны айтып берейин. Атым Жанара жолдошум менен баш кошконубузга 5 жыл болуп калган. Жаңы үйлөнүп айылда жашап жүрдүк. Негизи мен айылда чоңойгонум менен айылда калгым келчү эмес.

Кошуна айылдык бир бала менен сүйлөшүп жүрүп ага турмушка чыктым. Тагдыр болуп кайра эле анын айылына жашап калдым. Чоң үй-бүлө жумуш көп, эрте туруп уй саап, үй жыйнап, кир жууп отуруп кеч кирет. Убакыт өтө берди. Жолдошум улуу бала болгондуктан качандыр бир бөлүнүп өзүнчө кетебиз деген үмүт менен жашап жүрө бердим. Жолдошум жогорку окууда окуп келген, ага дайыма айта берет элем шаарга эле кетели деп.

Арадан билинбей 2 жыл өтүп кетти. Акыры кайним үйлөнүп биз бөлүнмөй болдук. Бир балалуу болуп калганбыз. Эңсеген Бишкекке да келдик. Шаардын бир жаңы конушуна келип жашап калдык. Кичинекей бала менен мен үйдөмүн. Күйөөм иштеп кечинде эле келет.

 

Чоң үй-бүлөгө көнүп калыптырмын. Кечке төрт дубалды карап отурган мен үчүн жаман болду. Убакыт өтпөйт. Дагы жакшы, балам бар эрмек болот. Арадан бир жыл өтүп балабызды балдар бакчасына берип мен да бир кафеге кирип ашпозчунун жардамчысы болуп иштей баштадым. Жумушка жакыныраак болсун деп ошол райондон үй таап ал жакка көчүп келдик.

 

Чоң жер тамда бир нече үй-бүлө жашайт экен. Биз бир бөлмөсүнө жашап калдык. Кошуналар менен деле тааныша элекпиз, баары кечинде эле келишет. Күндө кечинде жолдошум экөөбүз кошула баштаганда бир добушту угуп калчу болдук. Үй жыгачтан курулган эски там эле, кошуналар катуурак сүйлөсө угулат. Бирок бул угулуп жаткан добуштар башкача эле, чычкан аралап кеткендей.. Туруп ары бери карайбыз, эч нерсе жок. Оюбуз ар кайсыга кетет. Кээ бир күндөрү угулбай калат.

 

Дем алыш күнү үйдүн баарын сыртка алып чыгып жыйнап жаттым. Эски шкаф бар болчу ылдый жагында күзгүсү менен. Ошол шкафтын артын тазалайын деп, эптеп отуруп жылдырдым. Карасам дубалда тешик бар экен! Эмне болгон тешик деп көзүмдү такап карасам кошуна бөлмөнүн ичи көрүндү! Ии-и, бизди карап жүргөн экен деген ой кетти дароо!! Ал тешикке шкафты тургузуп койгондо көрүнбөй тиги күзгүсү жаап калат экен. Бирок күзгүнүн наркы бетинен баары көрүнөт экен. Жиним да келип, уялып да турдум буга чейин болгон түндөрдү көз алдыма жүгүрттүм. Күйөөмө айтып ал жерден дароо көчүп кеттик.. (Болгон окуя 2012-жыл)

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.