11 км бийиктикте учуп бараткан учакта күтүүсүздөн дагы бир жүргүнчү пайда болду

Turkish Airlines авиакомпаниясынын TK538 рейсинин учкучтары менен стюардессалары акушерликке кесибин өзгөртүүгө туура келди. Рейс убагында кош бойлуу аялдын толгоосу башталды.

 

 

Кырдаал мындай өзгөрүп кетишин эч ким күткөн эмес – Нафи Диаби аттуу аял, анын курсактагы кызы жарыкка чыккысы келген маалда 28-жума гана кош бойлуу болчу. Тар салон менен 11 км бийиктик өз ишин кылды окшойт.

Нафинин бактысына жараша, стюардессалар мындай кырдаалга даяр болушат жана күттүрбөстөн жардамга келишти. Аялдын ары-бери кылчактай баштаганын көрүшүп, төрөт башталганын билишкен. Талкуулоого убакыт жок, кайра артка катууга да жол жок.

Төрөт жеңил болгон жок, бирок кырдаалды жана төрөт үчүн атайын даярдыктар болбогонун эске алсак, ийгиликтүү болду десек жаңылышпайбыз. Жарыкка кыз келди, ошол эле жерден атын Кадижу деп аташты. Эң таң калыштуусу, 28 жумалык экенине карабай, ден соолугу чың төрөлдү.

Энесине оорураак болду, бирок учактын командасынын жана кээ бир жүргүнчүлөрдүн жардамы менен, конгого чейин чыдап келди. Нафи Гвинеянын Конакри шаарынан жалгыз учуп чыккан, ал эми Буркина-Фасодо колуна кызын көтөрүп учактан түштү. Ымыркайдын жана эненин ден соолу азыр жакшы.

Эми Кадижа, документинде, эл аралык мейкиндикте төрөлдү деген расмий жазуусу бар азчылыктын катарына кирип калды.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.