100 адамдын 1и гана сүрөттөгү бардык жаныбарларды таба алат

Оптикалык иллюзиялар акыркы мезгилде өтө популярдуу болууда. Интернет колдонуучулары чакырыкты кубаныч менен кабыл алып, сунушталган тапшырмаларды изилдегенге шашышат. Акылыңызды, кунт коюуңузду жана байкоочулук жөндөмүңүздү текшерсеңиз болот.

Абстракттуу ой жүгүртүү деңгээлин баалоо үчүн дагы бир табышмак сунуштайбыз. Статистика көрсөткөндөй, планетада адамдардын 1% гана төмөндөгү көнүгүүнү жеңе алышат.

Анда байкап көрүңүз!

 

Сюрприздүү сүрөт

Сиздин көңүлүңүзгө бир караганда жөнөкөй сүрөттү тартуулайбыз. Бул пейзажга көз чаптырып, бул жерде төрт жаныбар жашынып жатат деп элестетүү кыйын. Жана бир нече адам гана аларды көрө алышат. Муну сиз да байкап көрүңүз!

Ушундай сүрөттөр жада калса жинди кайнатып жибериши мүмкүн. Мээңизге чыгармачыл бурулуш тартуулаңыз. Эмне көрүп жатасыз? Пляж, жардын четиндеги үй, деңиз жана сүзүп жүргөн кемелер горизонтто. Баары тынч эле көрүнөт. Бул жерде жаныбарлар кайда? Бул жерден кайсы жаныбарды тапса болот?

Айрымдар аябай таң калышат, бирок сүрөттө 4 жаныбар - фламинго, жарганат, түлкү жана антилопа бар. Алар кайсы жерде жашырылганын табыш керек. Жоопторду карабаганга аракет кылыңыз! Маселени чечүү үчүн кимдир бирөөгө эки секунд талап кылынса, башкалары он мүнөттөн кийин да көрө алышпайт. Бардыгына ой жүгүртүүсү жана маалыматты кабыл алуу түрү күнөөлүү.

Сиз биздин чакырыкты кабыл алып, жээктин бардык жашоочуларын таптыңызбы?

Тапшырманын жооптору

Жыйынтыгын чогуу текшерип көрөлү. Фламинго сүрөттүн төмөнкү сол бурчундагы таштын артына жашынып жатат. Сыягы, куш чарчап, бир аз жатып эс алганы жатса керек. Эми аны көрө алдыңызбы?

Түлкү сүрөттүн оң жак четине чуркап баратат. Балким, ошол жерде коён же кызыл жырткычтын башка олжосу жашынгандыр. Чындыкка жакын, туурабы?

Антилопа сууга чуркап баратат. Кыязы, ал куугундан жашынууга шашып жатса керек же жөн эле суу иччү жерге баратса керек. Кандай болгон күндө дагы, контурлар жаныбардын сырткы көрүнүшүнө дал келет. Кандай дейсиз?

Ал эми жарганат суроттун так ортосунан орун алган. Сүрөтчү көрүүчүнү дагы ого бетер чаташтырууну чечкен окшойт, жарганатты тескерисинен кылып тартып коюптур. Көрө алдыңызбы?

Бул сүрөттө дагы башка бирөөнү тапкандар барбы? Эгер ошондой болсо, анда ал жөнүндө сөзсүз түрдө комментарийде жазыңыз.

Эгер тапшырманы аткара албай калсаңыз, капа болбоңуз. Мээни денедеги бир булчуң сыяктуу эле машыктырса болот. Мээнин оң жарым шары чыгармачылыкка жана креативге жооп берет. Мындай жеңил, ошол эле кезде аткаруу кыйын болгон тапшырмалар аны активдештирүүгө жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.