1 секунддун ичинде атактуу да, кадыр-барктуу да болгуң келеби?

Берилген суроого ашыкпай жооп берсеңиз кадырыңыз жогорулап, алеки заматта маектешиңиздин сизге болгон көз карашы өзгөрөт.

 

 

Кантип ийгиликти багындыра алабыз, бул тууралуу жүздөгөн китептер, макалалар жазылган. Алардын ичинен эң жакшысы деп, «Ойлон жана бай бол» китебинин автору Наполеон Хиллдин кеп-кеңештерин айтсак болот.
Демек, сүйлөөр алдында терең ойлонуңуз, сиздин сөзүңүз уккан адамдын көңүлүнө жакшылыктын же жамандыктын үрөнүн себет. Бул жөнөкөй ыкма, болгону жооп берээр алдында бир саамга унчукпай, ой толгоп, эмне сүйлөөрүңүздү ичиңизден иргеп туруңуз.

1. Башкалардын сөзүн бөлбөңүз

Сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп-жаруу аны сыйлабастыкка жатат. Эгер анын сөзүн аягына чыгарбай, ортодон чыга калсак анын эмне айтаарын, сөздүн нугу кай тарапка бурууларын кантип билебиз. Адатта маектешинин эмне сүйлөп жатканын жакшы билгендер чыдамы түгөнүп анын сөзүн бузуп жиберишет. Же сүйлөп жаткан адамдын сөзү кызыксыз деген мааниде сөзүн чорт үзүп жибергендер да бар. Биз, сүйлөп жаткан маектешибизди кунт коюп угуп, анын сөзүнө жооп кайтараарда ашыкпай, ойлонуп жооп берсек, демек анын сөзү бизди кайдыгер калтырбаганы. «Сыйга сый, сыр аякка бал» дегендей, сөзүн сыйлоо адамдын өзүн сыйлагандыкка жатат. Сыйыбызга сый менен жооп алаарыбыз бышык.

 
2. Оюбузду бир жерге топтоого үлгүрөбүз

Көпчүлүк адамдар бизнес-сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда, Майкл Мастерсон белгилегендей, «мээлебей атып», кыскасы, ойлонбой сүйлөп алышат. Сөзгө алаксып, айтпай турган жагдайларды дагы жарыя кылышат.
Негизи, ар бир сүйлөшүүнүн ачык-айкын максаты болууга тийиш. Болбосо сөз баштап кереги барбы? Жооп берээр алдында өзүңүздү тизгиндеп туруу менен өзүңүзгө да, өңгөгө да керектүү сөздү тандоого үлгүрөсүз.

 
3. Ой-пикириңизди билдиргенден кыйналбайсыз

Көп адамдардын каталыгы ушунда, алар сөз-кан соргучтарды сүйлөп жатканда сөзсүз аралаштырышат. Мисалы,  «түшүнөсүзбү», «мындай да», «а..», «минтип», «эметип». Албетте, мындай маңызсыз сөздөрдү сүйлөп негизги сөздү сүйлөөнү кечеңдетип, ойлонуп алаарсыз, бирок, мындай сөздөргө башкаларга түшүнүксүз, анан калса ынанымсыз угулат. Андыктан ойлонуп-толгонуп, айта турган оюңузду бир жерге топтоп, анан аны кантип айтышыңызды тизмектеп алыңыз.
 

 
4. Акыл-эстүү сезилесиз

Сөз бербей сүйлөп, анан да башкалардын сөзүн кулагына илбеген адамды эч ким сыйлабайт.  Эгер сүйлөөр алдында токтолуп калсаңыз, сиздин ойлонуп жатканыңызды башкалар байкайт, анан сиздин сөзүңүзгө маани берип угушат. Мындай ыкманы колдонуу менен жумуш жаатында сыйга арзыйсыз. Жакын адамдар менен мамилеңиз чыңдалат.

Сүйлөй турган сөзүңүздү ойлонуп алгандар ар бир жолу упай топтойт. Өзүн да, өңгөлөрдү да сыйлаган адамдар менен мамиле куурууда абдан маанилүү.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.