Жибектей чачтын ээси болгуңуз келеби? Мына буларды кылыңыз

04 июл, 2022

Илгертен эле адамдар чачка өзгөчө маани беришкен. Чачтын абалы менен анын ээсинин дүйнө таанымын, ден-соолугун, өзүнө болгон ишенимин жана материалдык жагдайын аныкташкан. Бул көрүнүш азыр деле уланууда. Ошол себептен, адамдар, өзгөчө аялзаты чач жасалгасы жана анын абалынын оңолушуна аз эмес убакыт жана каражат коротуп келет. Боеп, өстүрүп, кесип, ар кандай косметикалык, химиялык каражаттарды колдонуп, түздөп, тармалдатып дегендей.

Бүгүн чачты элдик медицинанын жардамы менен кантип оңдоо туурасында сөз болмокчу.

Чачтын түрлөрү

Абалын жакшыртыш үчүн алгач чачтын кайсы түргө кирерин аныктап алуу керек. Алар кургак, майлуу, аралаш жана нормалдуу болуп бөлүнөт. Эгер чачыңыз жуугандан кийин бир топ күн бозорбой, жылтырап, оңой таралып турса анда, сиздин чачыңыз нормалдуу. Ал эми майлуу чачтар жуугандын эртеси эле майланышып, жалпайып калат. Эгер бат-баттан какачтап, учтары ачакейленип кетсе, анда чачыңыз кургак. Түбү майланышып, учу кургак болсо, чачыңыз аралаш түрүнө таандык.

 
Майлуу чачка

Эгер чачыңыз майлуу болсо, жумуртканын агы менен сарысын аралаштырып чалып, башка сүйкөп, целлофан пакетти кийип алып 15-20 мүнөткө кармаңыз. Бул маска айына 2-3 жолу кайталанышы абзел. Ушул эле маскага коньяк кошуп да колдонсоңуз, оң натыйжасын берет.

Нормалдуу чачка

Нормалдуу чачка маска жасоо үчүн 100 грамм алмурут, бир жумуртка, суу май жана бир нече тамчы лимон ширеси талап кылынат. Алгач майдаланган алмурут менен жумуртканы аралаштырып, үстүнө лимон ширеси менен суу майды куясыз. Даяр болгон боткону башка сүйкөп, 15 мүнөт аралыгында жумшак укалап турушуңуз керек. Андан соң жылуу жана муздагыраак суу менен алмак-салмак чайкап салыңыз.

 
Чачты канча күндө жууш керек?

Бул ар бир адамдын өз каалоосуна жараша болот эмеспи. Бирок, нормалдуу жана кургак чачтарды 8-10 күндө бир гана жолу жууган оң. Ал эми майлуу чачты 3-5 күндө жууп турган жакшы. Тилекке каршы, чачына ар кандай косметикалык каражаттарды (гель, мусс, лак, түздөөчү, тармалдатуучу каражаттар ж.б.) күнүгө колдонгондор башын сөзсүз күндө жууганга мажбур. Анткени, аталган каражаттар чачтын дем алуусуна тоскоол болуп, түзүлүшүн бузат. Чачты өтө ысык же өтө муздак суу менен жууганга болбойт. Суунун орточо жулуулугу 35-45 градус болуусу шарт. Чач канчалык майлуу болсо ошончолук муздагыраак сууга жуулган жакшы.

Шампунь

Дарылоочу шампунь менен бир жолу жууганда 3-4 жолу шампунь колдонуу керек. Анткени, анын күчү экинчи ирет жуугандан кийин гана башталат. Эч качан самын менен жуубаңыз. Ал чачты кургатып, күчүн жоготот. Анткени, анда шампунда кездешүүчү чачка керектүү элементтер кездешпейт. Шампунду тандоодо рекламадан көргөн жаңы шампунга азгырылбаңыз. Андан көрө өзүңүздүн чачыңызга жарай турганын табууга аракеттениңиз. Ал үчүн анын сыртын жакшылап окуп көрүү керек. Бир шампунду 2-3 жыл катары менен колдонуу да туура эмес.

 
Тароо

Узун чачтарды түбүнөн тарта, ал эми кысканы учунан чатышын кетирип туруп, анан тамырынан тароо керек. Суу чачты тарабай эле койгон туура. Эгер өтө зарыл болсо, желим тарак колдонгонуңуз жакшы.

Какач

Бул чач проблемаларынын эң орчундуусу. Ал кайдан пайда болот? Адистердин айтымында какачты пайда кылуучу мите адам баласынын терисинде дайым жашайт. Качан гана ыңгайлуу шарт түзүлө калганда өз каалоосун ишке ашырат. Мындай шарт ага адам стресс болгондо, иммундук системасы бузулганда, туура эмес тамактанганда, ичеги карын оорулары өрчүгөндө түзүлөт. Какач кургак жана майлуу болуп экиге бөлүнөт.

 
Какачты кантип алдын алса болот?

Жогоруда айтылгандай какач көбүнесе кургак чачтарда кездешет. Ал эми аны болтурбоо үчүн элдик медицина жардамга келет. Айтсак, жөнөкөй, үй шартында жасала турган маскалар бар. Мисалы, кадимки аткулактын 100 грамм тамырын пахта майына чылап эки күн коюп койосуз. Андан соң, жай отко 15-20 мүнөт кайнатып, эки кат сүзгүчтөн өткөрүп алуу керек. Даяр болгон суюктукту чачты жуур алдында бир саат мурун башка сүрүп коюу зарыл.

Чачтын түшүшү

Чачтын түшүшү Эгер бир күндө 30-50 чач түшсө, бул кадыресе көрүнүш, ал эми 70-90 тал чач болуп кетсе, тынчсызданууга себеп бар. Чачтын түшүү себептери – зат алмашуунун бузулушу, катуу толкундануу, катуу коркуп калуу, организмдин жалпы алсыздануусу, анемия жана көпкө созулган сасык тумоо.

Чачты кантип сактап калса болот?

Чачтын түшүүсүн токтотуучу касиетке кастор майы ээ. Аны ысык сууга жылытып алып башка эски тиш жуучу щетка менен сүйкөш керек. 5-6 сааттан кийин аны жууп салса болот. Муну 1-2 ай бою жумасына бир жолудан кайталаңыз. Бул каражат чачтын түшүшүн жөн гана токтотуп койбой, анын тез өсүшүнө шарт түзөт. Ошондой эле чалкан дагы түшкөн чачка даба боло алат. Өзгөчө гүлдөп кете элек, жаш чалкан тапканга аракет кылыңыз. Аны кайнатып алып, муздап баратканда жуулган чачты чайкаса болот.

Чачты өстүрүү

Чачтын өсүшүнө өгөй эне-өз эне менен чалкандан кайнатылган суюктук эң сонун шарт түзөт. Ошондой эле чачты бат-баттан тарап же күнүгө жатаар алдында башка манжалар менен чачты аралата массаж жасап турсаңыз, чачыңыздын мурда болуп көрбөгөндөй тез өсүп атканын байкайсыз.

Биз жаңы каналга көчтүк. Кнопканы басып, биздин каналга жазылыңыз! Биздин макалалардан артта калбаңыз!

 
1,145
8,458
94
579
584
427
1,005
106
112
77
1,158
401