
Ар кайсы убакта адамдар аялдын идеалдык денесин ар кандай элестетип келишкен. Модада толук аялдар да, өспүрүмдүн фигурасындай аялдар да болгон. Эми, сулуулуктун стандарты эмнеден көз каранды? Заманбап фигуранын мүнөздөгүчү каяктан алынды?
Бардык убакта фигура жетишкендиктин көрсөткүчү болуп келген. Байыркы кездерде, толук айымдар сулуу деп эсептелген. “Толук, демек тамак-аштан кемчили жок жана ден соолугу чың балдарды төрөйт” – деп эркектер эсептешкен.
Заманбап айымдардын фигурасы кам көрүлгөн, машыккан жана күнгө күйгөн болсо, ал дагы анын жарды эмес экенинин көрсөткүчү, башкача айтканда, эгер аялда каражат жетиштүү болсо, анда анын спорт залга жана солярийге барганга мүмкүнчүлүгү бар жана убактысы дагы жетиштүү дегендик. Бети жаш көрүнсө дагы анын жетишерлик жашоодо жашаганынын көрсөткүчү – пластикалык операция жана косметикалык процедуралар арзан эмес ыракат.
90-60-90 стандарттык фигурасы тууралуу миф – чынында эле миф. Бирок мифтер жөн жерден чыга бербейт. Арык-чырай моделдер заманбап сулуулук индустриясында пайдалуу.
Биринчиден, бардыгына күнөөлүү болгон – телевидение. Экранда адам толук көрүнөөрүү баарыбызга эле маалым. Ошондуктан арык кыздар видеодо эффекттүү көрүнүшөт.
Экинчиден, бул берилген стандарт дизайнерлер үчүн жакшы – арык адамга тигүү оңоюраак. Ошондой эле бардык манекен аялдардын өлчөмдөрү бирдей жана алар бири-бирин оңой алмаштыра алышат.
Үчүнчүдөн, көбүнчө молельерлер карьерасын 80-90-жылдары, адамдар манекен аялдан аялды эмес, өспүрүмдү көргүсү келген убакта баштаган.
Белгилүү Жан-Поль Готьенин айтканы бар:
“Мен аялдын сулуулук эталонун анын назиктигине кыйытма кылбай, бардык аялдарды жек көрүү менен жасайм. Мен үчүн алар болгону кийим илгичтер”
Байыртан эле искусство сулуулуктун стандартын адамдарга таңуулап келген. Венеранын статуясы так көрсөткүчтөр менен 86-69-93 болуп жаралган жана андай көрсөткүчтөргө ошол убактагы бардык аялдар умтулушкан.
ХХ кылымдын башында, В.И. Ленин белгилегендей, искусствонун эң маанилүүсү кино болуп баштаган. Так ошол киноиндустрия заманбап сулуулук көрсөткүчтөрүн таңуулап келет. 40-жылдары экранды Кэтрин Хэпберн жана Ингрид Бергман сыяктуу актрисалар башкарса, 60-жылдары Софи Лорен жана Джина Лоллобриджида, 90-жылдары Джулия Робертс жана Деми Мур. Бүгүн алардын деңгээлиндеги актриса деп Скарлетт Йоханссонду эсептешет.