
50 жаш курагында алар 30дагыдай көрүнүшөт, териси болсо саламаттык менен жаштыктын нурун чачып турат.
Кореянын аялдары атайын макияж колдонушат жана дайым жаш көрүнүүнүн көптөгөн хактарын билишет.

Териңиз таза жана саламат көрүнүүсү үчүн, нымдоочу кремди душтан кийин 10 секунд аралыгында сүйкөңүз.
Эмне болот: Душтан кийин теридеги майда тешикчелер ачык болот, ошондуктан, крем териге бат сиңет.

Жумшак сүлгүнү ысык сууга суулап алыңыз да бетиңизге жабыңыз. 15 мүнөттөн соң сүлгүнү алыңыз. Табигый азыктандыруучу майды териңизге сүйкөңүз.
Эмне болот: Бул процедура кан айланууну жакшыртат, майда тешиктерди ачып жана теринин дем алышына жардам берет

Бул макияж кылуу жана терини жалтыратпай назик көрсөтүү үчүн оригиналдуу ыкма. Бетиңизге макияждын негизин же упаны сүйкөгөн соң, 15-30 секундга муздак сууга бетиңизди чөмүлтүңүз.
Эмне болот: Макияж бетке текши жатат жана териде баркыттай сезим жаратат.

Көбүктү бетиңизге шыбап, акырындан укалаңыз. 5-10 мүнөткө калтырыңыз, анан жууп салыңыз. Процедураны жумасына бир же эки жолу кылыңыз.
Эмне болот: Кореянын аялдары, эркектердин сакал алгыч көбүгү бат-баттан чыгып турган акнеге каршы жакшы каражат деп санашат, анткени анын антисептикалык касиеттери бар.

Балырларды (нори) бет үчүн маска катары колдонсо болот. Бир нече листти алып, жылуу сууга салып анан бетке 15 мүнөткө коюш керек.
Эмне болот: Балырларда күчтүү антибактериялык касиеттери бар көптөгөн витаминдер жана башка компоненттер бар. Алар сиздин териңизге кам көрөт жана жаштыгыңызды сактайт.

Көйгөйлүү тери үчүн тониктин рецепти жөнөкөй: 1 аш кашык деңиз тузун стакан жылуу сууга салып аралаштырыңыз. Душка түшүп чыккан соң, тоникке кебез тампонду малып бетиңизге сүртүп чыгыңыз.
Эмне болот: Деңиз тузу терини дезинфекция кылат, акырындан безеткини жок кылат жана сезгенген жерлерди тынчтандырат. Бетиңиз эс алгандай көрүнөт.

Чыныгы хит. Аны ар бир дүкөндөн же интернет дүкөндөн сатып алса болот.
Эмне болот: Пластырь безеткини жайылтпай айыктырат, сезгенүүнү рекорддук убакта жок кылат - көпчүлүк убакта бир эле сааттын ичинде.

Азияда соя сүтү профессионалдык да, үй шарты үчүн да косметикалык каражаттарында активдүү колдонушат. Эң эски жана эң жөнөкөй ыкмасы: марляны соя сүтү менен нымдап алып таза бетке 15-20 мүнөткө жабыңыз. Бул процедураны жумасына бир же эки жолу кылыңыз.
Эмне болот: Соянын компоненттери май бездеринин иштешин жакшыртат, терини жашартат жана азыктандырат.

Лимонду экиге бөлүп жана ширесин идишке сыгып алыңыз. Эч нерсе аралашпаган лимондун ширесине тампон малып, агарткыңыз келген жерге сүртүңүз. Күнүнө бир нече жолу кылсаңыз болот.
Эмне болот: Лимондогу лимон кислотасы терини түлөтүү касиетине ээ жана өлгөн терини, пигмент тактарын жана май менен кирди тазалайт. С витамини меланиндин пайда болушуна өбөлгө түзөт жана теринин ийкемдүүлүгүн жакшыртат. Бирок, эгер териңиз сезимтал болсо, лимон менен абайлаңыз!