
"Ар ким өзүнүн дүйнөсүн ичинен табышы керек. Чыныгы дүйнө сырткы кырдаалдардан көз карандысыз болуш керек". Махатма Ганди
Күндө кездешчү стресс факторлоруна карабай, ички дүйнө туюму менен, өзүңө кам көрүү менен жашаш керек.
Андай кылбаганыңызды көрсөткөн 10 белги.
Өзүңүздү толук кабыл алгандын ордуна, оюңузду, кыймыл аракетиңизди коом күткөндөй түзөтөсүз.
Эмоционалдык жактан, ойду, жан дүйнөнү, кыймыл аракетти бири бирине байланыштырыш керек.
Үзгүлтүксүз нааразычылык жана каталарды кабыл албоо - бактысыздыка түз жол. Өзүңүзгө кайрымдуу болуп, каталарыңызды кабыл алып, майда чүйдө үчүн өзүңүздү жемелебеңиз.
Өз жанын аябаган адам бардык коомдун жашоосунун булагы.
Керт башынын жыргалчылыгынан, билип туруп эле баш тартуу кереги жок. Өз керектөөлөрүбүзгө көңүл бурушубуз керек. Андан сырткары өз керектөөбүз биринчи орунда болуш керек.
Жөн койсок оюбуздун учу кыйры жок. Акыл эсти дайым өстүрүп туруш керек. Жакшы ой көп ойлосок, жакшы нерсе кайталанып турат, жана тескерисинче.
Өзүбүздөн кийин бир нерсе калтырыш үчүн, ошондой эле маанилүү нерсе түзүш үчүн жеке көз карашыбыз болуш керек.
Тилеке каршы жашоодо баары биз пландагандай боло бербейт. Биз күткөн нерсе жашоодо жыла берет. Биз өнүккөн сайын тилегибиз да өсөт. Ар дайым бизге туура багыт көргөзгөнгө ниетибизди түз коюшубуз керек.
Өзүңүзөн бир нерсе күтүшүңүз керек, бирок, чектен чыкпай. Күтүүлөрдү чектөө көңүл калуулардан алдын алат, бирок, күтүүнүн жоктугу алдыга умтулууну токтотот.
Көпчүлүгүбүз айланадагыларга боорукер болгонго үйрөтүлгөнбүз. Эгер тынчтыкта жана бакубатчылыкта жашагыбыз келсе, бул керек нерсе. Айланабызга берген боорукерликке өзүбүз да муктажбыз. Өзүңүзгө боорукер болуңуз, өзүңүздү кечириңиз, өзүңүздү сүйүңүз. Өзүңүзгө кайрымдуу болуңуз.
Кээ бир учурда өзүңө чек коюу туура, бирок толук баш тарпаш керек. Кыялыңыздан баш тартпаңыз, кичине жылдыра туруңуз.
Башка жаныбарлардан айырмаланып, адам ойлонуп, план менен жашаганга мүмкүнчүлүгү бар. Өзүңүзгө анализ бергенге убакыт бөлүңүз. Ойлоруңуз жана иш аракетиңиз пайдалуубу же зыяндуубу? Өзүңүздү алдабаңыз.