
Британдык жана америкалык окумуштуулар бизди ар кандай күлкүлүү изилдөөлөр менен дайыма кубандырып турушат эмеспи.
Бул жолу алар сулуулуктун гүлдөгөн убагы деп эсептелген, аялдын орточо жашын эсептөөнү чечишиптир.
Ушул убакка чейин адам 30 жашка чейин сулуу болуп, анан акырындык менен сулуулугу жоголо баштайт деп ырасташкан. Бирок жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы таң калтырышы жана ошол эле учурда сизди кубандырышы мүмкүн.
Илимпоздор кайсы курактагы аялдар эң сулуу экенин билүү үчүн биздин замандын эң сулуу деген айымдарынын жашын анализдеп чыгышкан. Анын жыйынтыгы тууралуу айтып берели.

Көрсө, заманбап сулуулук индустриясы – бул жөн гана акча табуу эмес, аялдын сулуулугун жана жаштыгын узак убакытка сактоого жардам берген эффективдүү инструменттер жана процедуралар экен. Бостон университетинин адистеринин изилдөөсүнө ылайык, мындан 30-40 жыл мурун эң сулуу айымдардын орточо жашы 33 жаш болгон. Азыр бул көрсөткүч көбөйүп – 38 жашты түздү.

Бул жыйынтыктарды алуу үчүн акыркы 20 жыл ичиндеги People журналынын ар кандай сандарына чыккан аялдар изилденди. Албетте, 38 жаш орточо жаш. Мисалы, 59 жаштагы Шэрон Стоун менен Мишель Пфайфер, ошондой эле 49 жаштагы Жулия Робертс эң сулуу айымдардын бири катары таанылган.
Андыктан, урматтуу айымдар, жылдар өткөн сайын сулуулукту жана назиктикти жоготуп алуудан жана 20 жашар кыздарды атаандаш катары көрүүдөн коркпоңуз. Кантсе да, азыр айымдар жыл өткөн сайын сулуу болушат. Мисалы, дүйнөнүн алдыңкы моделдерин же биздин деле актрисаларды карагыла. 35 жаштан кийин алар алда канча сулуу болушкан.
Дагы бир кызыктуу факт. Эң сулуу аялдардын тизмесинде барган сайын кара түстөгү сулуулар көбүрөөк боло баштады - болжол менен 30%.
Сулуу эмес же кары аялдар болбойт, сулуулугун түшүнө электер гана болот.