
Баарыбыз эле адамдарга жаккыбыз келет. Ар ким өзүнүн сырткы келбетине кам көрөт, жана көбү өзүн сулуу сезет.
Бирок сырткы келбеттин сулуулугу дайым эле ийгилик алып келе бербейт.
Адамдардын көзүнө сырткы келбеттен сырткары дагы эмне көрүнөт?
Көп адамдар өзүн гана көрүшөт, "дүйнөнүн борбору мен эле" деган мамиле кылышат, бирок аны өздөрү байкашпайт. Эгер маектешүүдө сизди өзүңүз жөнүндө темадан башка темага буруу оор болсо, эгер сиз тууралуу маектешиңиз кандай ойдо калып жатканына башыңызды да ооруткуңуз келбесе, анда ал сиздин сулуулугуңузга баа бербесе деле керек.
Дайым өзүнүн тууралыгын, сулуулугун, акылдуулугун далилдеген адамды айланасындагылар жактырышпайт. Өмүр бою жарышып-мелдешип жүрүү анча жакшы көрүнбөйт: ал маектешкен адамды анын жанында ыңгайсыз сездирет.
Татынакай көрүнгүңүз келеби? Чекеден кандай көрүнөөрүңүз тууралуу азыраак ойлонуңуз! Мындай парадокс бар: эгер сиз бирөө менен сүйлөшүп жатып, сол жагыңызды көбүрөөк көрсөткөнгө аракеттенсеңиз, себеби, сол жагыңыз оң жагыңызга караганда сулуураак, анын көзүндө сиз өз артыкчылыктарыңызды жоготосуз.
Бул адам сизге эч кандай пайда алып келбесин түшүнөөрүңүз менен (мисалы, сизди керектүү адамдар менен тааныштыра албаса же товарды арзаныраак бербесе), сиз ага болгон кызыкчылыгыңызды жоготуп, эптеп эле сүйлөшүп каласыз. Аны сиздин кебетеңизден бир карап окуп койгонго мүмкүн болуп калат.
Маектешиңиздин ар бир сөзүнөн арам ой издейсиз: эмнеге ал тигиндей айтпай мындай айтты? Муну менен эмне көргөзгүсү келди? Анын кебетеси эмнеден кабар берет? Байкагычтык – жакшы, бирок, эгер шашылма жыйынтык чыгарсаңыз (көбүнчө негативдүү), анда параноиктин элесин калтырасыз. Кээде адам кызыксыз болгон үчүн эстебейт, уйкусу канбай калган үчүн эстейт.
Лидерлик сапаттарыңыз болгону жакшы, бирок ыңгайлуу шарты келип калса эле аны көрсөтө берген туурабы? Достук, мамиле – бул теңчилик дегендик. Эгер бардыгы үчүн чечим кабыл алууга жан талашсаңыз, башакалар сизге рахмат айтаары күмөн.
Сиздин бактысыз жашооңуз тууралуу башка бирөөлөр угуп отуруп ырахат алат деп ойлойсузбу? Жаңылыштык: даттана берген адам, ушунчалык татынакай болсо дагы, адамдарда болгону бир каалоону чакырат: батырак анын коомунан алыстоо.
Тегерегиңиздеги адамдар тууралуу сиздин ырайымсыз сөздөрүңүз балким сиз үчүн ачуу чындыкты айтып жаткандай сезилет. Ооба, бирөөнү кемсинтүү максатында айтылган же аны ыңгайсыз абалга калтырган сөздөр башка маектештердин көңүлүн бурат. Бирок алар сизди жакшы көрүп көңүл бурбайт.
Эгер адам жардамга кайрылса сиз эмне кыласыз? Колум бош эмес деп кутуласызбы, же сөздү башка нукка бура саласызбы? Ооба, баш тарта албоо өтө деле пайдалуу эмес, бирок адамдарга жардам берүү – бул нормалдуу жана табигый көрүнүш. Ошондой эле, изилдөөлөргө кайрылсак, боорукер адамдар сырттан сулуу көрүнүшөт.
Сиз, "мурда кандай жакшы болчу, азыр такыр эле заман жаман жакка өзгөрдү" деген сөздөрдүн сүйүүчүсүсүз. Эгер бирөө кандайдыр бир позитивдүү нерсе айтып жатса, кебетеңизди бузуп туруп: “Эмнеси жакшы экен?..” деп бап этиресиз. Сиздин пессимизм сырткы келбетиңизге да таасир берет: кебетеңиздин муңдуу көрүнүшү сизди жагымсыз кылат.