Эмнеге ала жипти аттаган эркектер аялынан кетпешинин 5 себеби

21 июл, 2022

Заманбап жашоодо үй-бүлө деген түшүнүк өз маанилүүлүгүн жоготуп бараткандай. Көз көрүнө эле ажырашуулардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Бирок, бүтүндүгүн сактап калган бүлөлөрдө да дайым эле баары жакшы боло бербейт. Бири-биринин көзүнө чөп салышат, бирок, ырахатты чекеден көбүнчө эркектер издешет. Ар биринин өзүнүн себеби бар, бирок бир кызыктуу суроо бар – эмнеге ала жипти аттаган эркектер аялынан кетишпейт? Жөн эле чогуу жашашпай, өздөрүн үлгүлүү жубай катары алып жүрүшөт.

Помада Лайф бул суроо боюнча анализ жасап, эркектердин жана психологдордун ойлорун угуп, эмнеге мындай экенин түшүнүүгө аракет кылып көрдү. Демек, алдыда, эмнеге ала жипти аттаган эркектер аялынан кетишпейт деген суроонун 5 популярдуу себеби.

1. Ал комфортту баалайт

Бир агымга келген турмуш, үй, бала-чака – эркекте баары бар. Ойношуна жөн эле жаңы бир нерсе үчүн же жашыраак болгону үчүн барат. Ага баары жайлуу жана эч нерсе алмаштыргысы келбейт. Аялы менен комфорттуу, себеби аялы анын ар бир сөзүн түшүнөт жана кандай экенин билет, үйү да жайлуу жана тынч. Ал эми жаңы ойношунун алдында ойноп, өзүн супер мачо көрсөткүсү келет.

 
2. Жөнөкөй интрига

Көпчүлүк эркектер өздөрүн полигамдуу санашып, аны менен кош айтышкысы келбейт. Алар ойношу менен болгон байланышка, жөнөкөй интригадай мамиле кылышат. Олуттуу эч нерсе жок – болгону интим. Бул регулярдуу байланыш эмес, анан калса, ал үй-бүлөлүк бюджетке залакасын тийгизбейт. Ойношу менен өзүн жашыраак, күчтүү жана сүйүктүү сезгиси келет.

 
3. Ажырашуудан коркот

Бул себеп биринчиге окшошураак. Эркектер ар кандай машакаттарды жактыра беришпейт. Бул жерде болсо адвокат, толтура кагаздар, мүлктү бөлүшүү, ызы-чуу... Ага, ажырашуунун тозогуна караганда  аялы жана балдары менен комфорттуу жашай бергени жакшыраак.

 
4. Ал аялын сүйөт

Албетте, муну түшүнүш кыйын, бирок мындай эркектер аялын сүйөт.

“Сүйүү менен бейопалык чогуу боло албайт деп айтышат. Бирок баары эле сүйгөнүнө кандайдыр бир оор нерсе кылат да. Бул жерде деле ошондой”,

– дейт бейопа жубайлардын бири. Эркектерди деле түшүнүп болбойт: бирин сүйөт, экинчиси менен жатат, үчүнчүсүн кыялданат...

 
5. Балдары үчүн

Эркектер, балдардын атасы болуш керек деп санашат. Албетте, ажырашкандан кийин деле, баланы каралашканга эч ким тоскоолдук кылбайт, бирок көбүнчө бул актануу менен, эгер аялы бир нерсенин чекесин билип калса, анын кечиришине жол ачып алат. Ал аялы менен сүйлөшпөй калышы деле мүмкүн, бирок балдары үчүн чогуу жашай беришет.

 

Бейопалыкты эч ким ак дебейт. Ал жөн жерден боло бербейт. Эгер эркек, өзгөчө аял, бул кадамга барса, демек мамиледе бир нерсе туура эмес. Ошондуктан, жубайың менен дайым баарлашып, анын жашоосуна кызыгып, эмне жетишпей атканын билип, алганды эле билбей, эң жакшы нерсең бөлүшүп да туруш керек.

Мамилеңди сакта! Сүйүү – бул жашоонун маңызы. Бейопалыкты жубайлар эле эмес, балдар да оор көтөрүшөт.

Биз жаңы каналга көчтүк. Кнопканы басып, биздин каналга жазылыңыз! Биздин макалалардан артта калбаңыз!

 
706
574
419
751
419
999
764
471
552
537
433
93